2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 3,8 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 13.01.2017


Бүгүн, 13-январда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Кыргыз Республикасынын
2016-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, ү.ж. январь-декабрында ички дүң продукту алдын-ала баалоо боюнча 458 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга өскөнүн маалымдады.

 “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 413 миллиард сомду түзүп, 3,7 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2016-жылы 205 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы өнөр-жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү, кымбат баалуу металлдарды, тазаланган мунайзаттарды, тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн жана баалуу металлдарды чыгаруунун эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүш көлөмдөрүн жогорулатуу, (Баткен облусунда өндүрүштүн төмөндөшү - 6,4 пайызды, Талас облусунда төмөндөшү - 0,1 пайызды эсепке албаганда), бардык облустардын ишканалары менен камсыздалды.

Айыл чарбасынын дүң продукциясы 2016-жылы 197 миллиард  сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 3 пайызга жогорулады.

Айыл чарба дүң продукциясынын 2015-жылга салыштырмалуу өсүшүнө, негизинен, өсүмдүк өстүрүү өндүрүш продукциясынын 3,7 пайызга  жана мал чарба продукциясынын 2,5 пайызга өсүшү шарт түздү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2016-жылы  133 миллиард сомдон ашып, 2015-жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга жогорулады.

2016-жылдагы дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 452 миллиард сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга өстү.

Дүң жана чекене соодажүгүртүүнүн көлөмүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун  2015-жылга салыштырмалуу өсүшү, негизинен,  чекене соодажүгүртүүнүн 8,3 пайызга жана дүң сооданын 6,6 пайызга өсүшү менен камсыздалды.

Керектөө бааларына жана тарифтерине токтоло кетсек, 2016-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу алар жалпы республика боюнча бир пайызга өскөн. Калкка кызмат көрсөтүүдөгү тарифтер көбүрөөк өлчөмдө жогорулаган.

2016-жылдын декабрь айында тамак-аш продуктуларына жана алкоголдук эмес суусундуктарга баалар 1,3 пайызга жогорулаган. Мисалы, картофель, жаңы үзүлгөн жашылчаларга, алмаларга, сүт жана сүт продукцияларына, балыкка баалар кымбаттаган. Ошондой эле, жаңы союлган этке жана унга баалардын бир аз көтөрүлүүсү байкалган. Ошол эле мезгилде, кумшекерге, өсүмдүк майына, күрүчкө жана акшакка баалардын төмөндөөсү байкалган.

Ушундай эле, 2016-жылдын декабрь айында, мурунку айга салыштырмалуу, керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалып, алардын эң көп өсүшү Талас облусунда белгиленген.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн бир аз төмөндөшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча 2016-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллиард АКШ долларга жакынды түзүп, 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга кыскарды. Ошону менен бирге экспорт 1,5 пайызга, ал эми импорт - 0,1 пайызга азайды.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб 2016-жылы Кыргыз Республикасынын жашоо тиричилик минимуму жөнүндө маалымат берди.

2016-жылдын IV кварталында жашоо тиричилик минимумунун өлчөмү 4772,02 сомду түзүп, мындан мурунку  жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга төмөндөдү, ал эми мындан мурунку кварталга карата 1,1 пайызга жогорулады.

2016-жылы жашоо тиричилик минимумунун орточо жылдык өлчөмү 4784,34 сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 7,5 пайызга төмөндөдү.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр-жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева пресс-конференциянын катышуучуларына 2016-жылы өнөр-жай ишканаларынын ишмердиги жөнүндө маалымат берип, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүүсү металл кендерин казуудан, тазаланган мунайзат продуктуларын, тамак-аш азыктарын өндүрүүдөн жана баалуу металлдарды чыгаруудан келип чыкканын белгилеп кетти. 

Презентациялар:

2016-жылы Кыргыз Республикасынын жашоо тиричилик минимуму жөнүндө

2016-жылы өнөр-жай ишканаларынын ишмердиги жөнүндө

 


Акыркы жаңылоо: 13.01.2017, 13:31