Ушул жылдын 9 айында республиканын экономикасы 6 пайызга төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 13.10.2020


Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-сентябрь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 400 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрында 238 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,9 пайызга төмөндөдү, буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу болду (55,8 пайыз),  текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (21,6 пайыз), жыгач жана кагазжасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,4 пайыз), резина жана пластмасса буюмдары, металл эмес минералдык буюмдар (12 пайыз), азык-түлүк (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,1 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (5,9 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 7,7 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, дүң жана чекене соодас тармагында 16,2 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 2,1 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,9 пайызга өстү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар (5,3 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,6 пайызга), кызмат көрсөтүүгө болгон баалар – 0,2 пайызга өскөнү байкалды. Ушул эле учурда, ушул жылдын сентябрь айында азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар август айындагы көрсөткүчтөрдөй эле калды.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (6,3 пайыз). Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (13,8 пайызга) өскөнү таасир берди.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-сентябрь 3,5 млрд АКШ долларга жакын каражатты түздү жана 2019-жылдын январ-сентябрына салыштырмалуу 22,1 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 3,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,6 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  1,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 19,4 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 22 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 18,6 пайызга төмөндөдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,7 пайызы) жана Казакстанга (32,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 14.10.2020, 12:12