2018-жылдын январ-апрелинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы өстү

Басылмалардын датасы: 11.05.2018


Бүгүн, 11-майда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-апрелиндеги социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнун башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай ушул жылдын январь-апрелинде, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 133 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда  1,3 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 118  миллиард сомду түзүп, 2,5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-апрелинде 75 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу  бир пайызга төмөндөдү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү металл рудаларын казып алуунун төмөндөөсү, транспорттук каражаттарды, машиналарды жана жабдыктарды, ошондой эле негизги металлдарды өндүрүүнүн  төмөндөөсү менен шартталды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 3,6 пайызга өстү.

Жыл башынан бери (өткөн жылдын декабр айына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 0,6 пайызды түздү. Мунун ичинде, жыл башынан бери баалардын жана тарифтердин жогорулоосу кызматтарга (3,6 пайызга),  алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына (5,7 пайызга) байкалган, ал эми тамак – аш продуктуларына жана алкоголдук эмес суусундуктарга 0,7 пайызга, азык-түлүктүк эмес товарларга 0,6 пайызга төмөндөгөн.

2018-жылдын январ-апрелинде керектөө бааларынын жана тарифтеринин максималдуу өсүүсү (2,5 пайызга) Нарын облусунда байкалган, ал жерде башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,4 пайызга) жогорулаган. Ошол эле мезгилде, жыл башынан бери, Баткен облусунда керектөө бааларынын (2,4 пайызга) төмөндөөсү сакталууда. Мунун ичинде, Баткен облусунда тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,4 пайызга), азык-тулүктүк эмес товарларга (3,6 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге (2,3 пайызга) баалардын төмөндөөсү катталган.

Жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар Талас облусунда (8 пайызга), азык-түлүктүк эмес товарларга Ош облусунда (2,2 пайызга), кызматтарга Ысык-Көл облусунда (5,3 пайызга) кымбаттаган.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Эльнура Абельдиева  2017-жылда калкка берилген микрокредиттер жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, 2017-жылы микрокредиттик  уюмдар тарабынан 1,7 миллиард сом суммасында кредиттер берилип, аларды алуучулардын саны 300 миң адамдан ашты.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева 2017-жылда Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, өткөн жылы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү 13 миңден ашуун врачтар жана 34 миңден ашуун орто медициналык кызматкерлер камсыздашкан. 2017-жылы медициналык уюмдарга 1,6 миллион кайрылуу катталган, алардын 42 пайызын балдар түзгөн. Мунун ичинде, оорулуулардын жалпы структурасында эң көп кайрылуулар (36 пайызы) демалуу органдарынын ооруларына туура келген.

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 11.05.2018, 11:28