2020-жылдын январь-февралынын жыйынтыктары боюнча экономикалык өсүү темпи 4,3 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 11.03.2020


Бүгүн, ү.ж. 11-мартында, республиканын 2020-жылдын январь-февралындагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары боюнча Улутстаткомдо пресс-конференция болуп өттү.

Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-февралында, алдын ала баалоо боюнча, 69 миллиард сомду түздү жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 4,3 пайызга көбөйдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-февралында ИДП көлөмү 61 миллиарддан ашык сом өлчөмүндө түзүлдү жана 3,3 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                         

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-февралында 46 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 9,8 пайызга көбөйдү, бул текстиль өндүрүшүнүн (1,6 эсеге), кийим өндүрүшүнүн (1,5 эсеге), резина жана  пластмасса буюмдарынын (46,7 пайызга), металл рудаларын казуу өндүрүшүнүн (42,1 пайызга), негизги металл жана даяр металл буюмдарынын өндүрүшүнүн (15,0 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газы (13,9 пайызга), жыгачты иштетүү жана жыгачтан буюмдарды жасоо өндүрүшүнүн (9,2 пайызга), көмүр казуу (5,4 пайызга), ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшүнүн (3,8 пайызга) көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен болду.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                               

Айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,7 пайызды түздү, дүң жана чекене соода - 4,9 пайызга, курулуш  - 1,0 пайызды түздү.

2020-жылдын январь-февралында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 1,2 пайызга өстү, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (4,4 пайызга), жана тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардын (1,9 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн (0,2 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып азык-тулүк эмес товарлардын баалары 0,3 пайызга төмөндөдү.  

Үстүбүздөгү жылдын февралында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы байкалды. Баалардын максималдуу (1,7 пайызга) өсүшү Нарын жана Ысык-Көл облустарында катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январында 474 млн. жакын АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январына салыштырмалуу 1,4 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 5,0 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 3,2 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январында Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  199 млн. жакын АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январына салыштырмалуу 16,5 пайызга көбөйдү.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 3,3 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөр - 21,1 пайызга көбөйдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,8 пайызы) жана Казакстанга (28,9 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                                        Экспорт 

                

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык, айыл чарба продукциясынын өндүрүшү тууралуу, ошондой эле 2019-жылы өлкөгө келген тике инвестиция тууралуу маалымат берилди.   

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.03.2020, 17:05