2019-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу пневмониядан каза болгондордун саны 2,4 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 19.01.2021


Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрликтин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-ноябрында пневмония ооруларынын 35 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп.

Январь-ноябрда пневмония менен ооругандардын саны
(учурлар)

 

2019

2020

Пайыз менен

 

мурунку жылдын тийиштүү
мезгилине карата

жыйынтыка карата

 

Кыргыз Республикасы

29 057

35 712

122,9

100

Баткен облусу

4 123

2 753

66,8

7,7

Жалал-Абад облусу

6 116

5 826

95,3

16,3

Ысык-Көл облусу

2 525

5 649

223,7

15,8

Нарын облусу

1 550

1 995

128,7

5,6

Ош облусу

5 461

5 631

103,1

15,8

Талас облусу

1 324

1 781

134,5

5,0

Чүй облусу

4 263

6 190

145,2

17,3

Бишкек шаары

2 630

4 757

180,9

13,3

Ош шаары

1 065

1 130

106,1

3,2

Өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырганда Ысык-Көл облусунда – 2,2 эсеге, Бишкек шаарында 1,8 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 1,5 эсеге пневмония оорусунун кыйла көбөйгөнү белгиленди.

           2020-ж. январь-ноябрында коронавирус инфекциясына байланыштуу медициналык-санитардык мекемелерге кайрылган 28 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү Бишкек шаарына – 29 пайызы, Ош облусуна – 21 пайызы, Чүй облусуна – 14 пайыз жана Жалал-Абад облустарына – 12 пайызы туура келди. Өткөн жылдын 11 айында стационарларга 47 миңге жакын оорулуулар келип түшкөн, алардын эң көп үлүшү Ош облусуна - 16 пайызы, Жалал-Абад облусуна - 14 пайызы жана Чүй облусуна - 11 пайызы туура келди.

2020-жылдын январь-ноябрында COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны
(учурлар)

 

Медициналык баштапкы жардам көрсөтүү мекемелерине кайрылгандардын саны

Ооруканаларга түшкөндөрдүн саны

Кыргыз Республикасы

28 420

47 360

Баткен облусу

976

                     3 713

Жалал-Абад облусу

3 497

                      6 621

Ысык-Көл облусу

2 560

                      5 297

Нарын облусу

84

                     1 936

Ош облусу

5 913

                     7 533

Талас облусу

1 429

                    1 935

Чүй облусу

3 887

                    5 012

Бишкек шаары

8 201

1 914

Ош шаары

1 873

                    3 060

Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык мекемелери

...

                   10 339

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2019 жылдын 11 айында пневмониядан 533 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынын 32 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-ноябрында алардын саны 1 287 адамга же 52 пайызга жетти.

2019 жылдын январь-ноябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда 9 өлгөндү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-ноябрында 21 өлгөндү же 2,4 эсеге көп болгон.

2020 жылдын 11 айында коронавирустук инфекциядан (COVID-19) 2 102 адам өлдү же калктын 100 миңине алганда 35 өлгөндү түздү.

Пневмониядан болгон өлүмдүн орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогору болгону Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында белгиленди, ал эми коронавирус инфекциясынан (COVID-19) болгон өлүмдөр Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Таласс облусунда белгиленди.

2020-жылдын январь-ноябрына карата пневмониядан жана коронавирус инфекциясынан (COVID-19) каза болгондордун саны
 (калктын  100 миңине)    

___________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 19.01.2021, 15:52