2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 17.11.2020


Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-сентябрында пневмония ооруларынын 26 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийешелүү мезгилинде  24 миң учур катталган.

Январь-сентябрда пневмония оорусу

(учурлар)

 

2019

2020

Кыргыз Республикасы

23 990

26 048

Баткен облусу

3 201

2 292

Жалал-Абад облусу

4 539

3 888

Ысык-Көл облусу

2 144

4 160

Нарын облусу

1 316

1 705

Ош облусу

4 722

3 975

Талас облусу

1 111

1 234

Чүй облусу

3 625

4 043

 Бишкек шаары

2 178

4 166

 Ош шаары

1 135

545

Медициналык кызмат көрсөтүүчү башка обочолонгон аймактык бөлүмдөр

19

40

Пневмония оорусунун кыйла көбөйүшү өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 11,5 пайызга белгиленди.

2020-ж. январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы - шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019-ж. январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.

 

_____________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 17.11.2020, 10:56