«Кыргызстан» кыскача статистикалык маалымдамасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 31.05.2023


Кыскача статистикалык маалымдамада Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалымат берилди.

Маалымдамада мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, калк, саламаттыкты сактоо, укук бузуулар, турак жай шарттары жана үй чарбаларынын накталай чыгымдары жөнүндө маалыматтар камтылды. Калкты иш менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо, билим берүү, маданият жана туризм жөнүндө маалыматтар келтирилди.

Өзүнчө бөлүмдө улуттук экономиканын, мамлекеттик бюджеттин жана тышкы сооданын абалы, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалымат берилди. Басылма таблицалар бир катар графиктер жана диаграммалар менен толукталды.

2022-жылдагы маалыматтар бир катар учурларда алдын ала болуп саналат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн “Басылмалар” бөлүмүн караңыз.
http://www.stat.kg/ru/publications/kratkij-statisticheskij-spravochnik-kyrgyzstan/

Маалымдама кыргыз, орус жана англис тилдеринде даярдалган.

_____________________________

Жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар
жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмү;        |e-mail:chturdubaeva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  625662

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 31.05.2023, 16:59