«2020-жылы Кыргыз Республикасынын Ресурстар–Колдонуу таблицалары» статистикалык жыйнагы басмага даярдалды.

Басылмалардын датасы: 11.04.2022


Жыйнак, алардын булагы ички өндүрүш жана импорт болуп саналган ар кандай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ресурстарды түзүүнү гана эмес, ошондой эле бул ресурстарды ар кандай суроо-талаптардын - ортоңку жана акыркы компоненттеринин ортосунда бөлүштүрүүнү да чагылдыруучу өз ара байланышкан "Ресурстар - Колдонуу" таблицаларын (РКТ) камтыйт. “Ресурстар жана Колдонуу” таблицаларындагы маалыматтар, ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу жана баалоо жолу менен экономикадагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымдарын толук талдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, РКТда республиканын чарбалык субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, ошондой эле өлкөгө импорттолуп келген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси келтирилди, аларды ички рынокто пайдалануунун жана башка өлкөлөргө экспорттоонун агымдары чагылдырылды.
Жыйнакта келтирилген таблицалар өлкөнүн ички дүң продуктусун жана анын компоненттерин баалоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Сатып алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун Интеллектуалдык маалыматтар борборунун Маркетинг кызматына +996 (312) 32-47-03 телефону аркылуу кайрылыңыздар. Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы
e-mail: eisenkulova@stat.kg n.zaharova @ stat.kg; тел. +996 (312) 32-46-95, + 996 (312) 32-46-43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). Интеллектуалдык маалыматтар борборунун


Акыркы жаңылоо: 11.04.2022, 11:08