«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2017-2021» статистикалык жыйнагы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 28.11.2022


«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2017-2021» статистикалык жыйнагынын толукталган версиясы басууга даярдалды. Жыйнакта калк, аялдар менен эркектердин мамлекеттик органдардагы өкүлдөрү, жумуш менен камсыздуулук жана жумушсуздук, жашоо деңгээли, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук бузуулар, убакыт бюджетин пайдалануу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана колдонуучулар арасында эң көп талап кылынган башка маалыматтар камтылган. Айрым таблицалар инфографиканын жардамы менен берилип, маалыматтарды визуалдаштырууну жакшыртат.

БУУнун Кыргызстандагы калк фондунун финансылык колдоосу жана «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» менен кызматташуунун алкагында алкагында басылып чыгарылды.

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин сайтындагы «Басылмалар/Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» бөлүгүнөн  карасаңыздар болот.

Социалдык статистика бөлүмү |   e-mail: j.rahmanova@stat.kg |   тел. + 996 (312) 324652

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси «Расмий статистика жөнүндө»).


Акыркы жаңылоо: 28.11.2022, 14:40