“Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы 2015-2019” аттуу статистикалык басылмасы басып чыгууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 20.10.2020


 

“Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы  2015-2019” басылмасы беш жыл ичинде республиканын тышкы соода ишмердигине жүргүзүлгөн байкоонун тенденцияларынын кыскача баянын камтыйт.

Басылманын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын тышкы соода операциясынын өнүгүшүнүн динамикасы жана анын түзүлүшү, республиканын региондору жана айрым өлкөлөрү боюнча товарлардын тышкы жана өз ара соодасы, кызмат көрсөтүүлөр, импорт жана экспорт бааларынын индекси, валюта курсу жөнүндө маалыматтар берилген.  Толугураак “Басылма” бөлүмүнүн караңыздар.

Бул басылманы алууну каалагандарга Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууну сунуштайбыз.

 

_____________________________________________________________________

Тышкы соода статистикасы бөлүмү   |e-mail: gsulaimanova@stat.kg;| тел. + 996 (312) 324726 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын  30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.10.2020, 09:36