"Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгы жана саламаттыкты сактоо" статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 29.10.2020


"Кыргыз Республикасында калктын саламаттыгы жана саламаттыкты сактоо 2015-2019" статистикалык жыйнагы кан айлануу системасынын, дем алуу тутумунун, кургак учуктун, залалдуу шишиктердин, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын, психикалык жана жүрүм-турумдун бузулууларынын, баңгизат жана алкоголизм ооруулары менен калктын жалпы оорууларын мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт.

 Аялдардын айрым оорулары, кош бойлуу аялдардын, төрөй турган, төрөттөгү аялдардын абалы, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ден-соолугунун абалы, ошондой эле аз кандуулук менен болгон кош бойлуу аялдар, төрөт жана аборт учурунда хирургиялык кийлигишүү жөнүндө маалыматтар кеңири берилди.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден-соолугунун абалы жөнүндө маалымат жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ден-соолугу, ооруларынын негизги класстары боюнча бир жашка чейинки балдардын оорулары, иммунопрофилактика, балдарды профилактикалык текшерүүдөн өткөрүү, ооруларынын класстары боюнча жана 0-14 жаштагы балдардын, ошондой эле 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн жалпы оорусу жана башка социалдык-маанилүү оорулар жөнүндө маалыматтар менен берилди.

Анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны, карыларга жана майыптарга стационардык кызмат көрсөтүү, алгачкы майыптык, радиацияга кабылган калкка медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматтар камтылган.

Мындан тышкары, калкка медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, стоматологиялык жана хирургиялык жардам, медициналык кадрлар, балдар үйлөрү, тез жардам жана оорукана мекемелери жөнүндө маалыматтар да камтылган.

Жыйнакта санаториялык-курорттук уюмдардын жана эс алуу уюмдарынын иши, спорттук курулмалардын жана дене тарбия жана эс алуу жайларынын бар экендиги, калктын саны жана курамы, төрөт, өлүм, калктын жашоо деңгээли, айлана-чөйрөнүн абалы, саламаттыкты сактоонун финансылык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтар маанилүү орун берилди.

Басылмада келтирилген статистикалык маалыматтар жалпы республика боюнча, ошондой эле анын региондору боюнча да маалыматтарды камтыйт жана алар мамлекеттик кызматкерлер, илимий изилдөө чөйрөлөрү, калктын ден-соолугунун көйгөйлөрүн изилдөөчү эксперттер жана башка кызыкдар адамдар үчүн арналды.

Бул басылманы сатып алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Маркетинг кызматына кайрылууну сунуштайбыз.

 

_____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү     |   e-mail: rakhmanovazz@mail.ru       |     тел. + 996 (312)324652

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.10.2020, 11:26