Улутстатком жана Терминкомдун ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду

Басылмалардын датасы: 03.05.2017


Республикабыздын ишкердик, экономикалык чөйрөсүндө мамлекетттик тилде иш жүргүзүүнү жөнгө салуучу чаралардын бири катары 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук сатистика комитети менен Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын ортосунда узак аралык мөөнөткө түзүлгөн кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул документтин алкагында иш кагаздарын алып барууда орун алып келе жаткан терминологиялык чаржайыттыкты жөнгө салуу аракеттерди жасоо максатталган. Чогу-чара аткарылуучу алгачкы иштердин катарында статистика жаатындагы маалыматтарды камтыган алгачкы орусча-кыргызча сөздүктү чыгаруу да каралган.


Акыркы жаңылоо: 03.05.2017, 11:20