КР Улутстаткому менен Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун ортосунда расмий статистика жаатындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду

Басылмалардын датасы: 11.05.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун эки тараптуу кызматташтыгынын алкагында 2022-жылдын 25-апрелинен 29-апрель аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов башында турган Улутстаткомдон түзүлгөн делегация иш-сапар менен Норвегиянын борбор калаасы Осло шаарында болуп, сапардын жүрүшүндө тажрыйба алмашуу жаатындагы окутууларга катышты.

Расмий статистиканы өндүрүүдөгү норвегиялык модель дүйнөнүн алдыңкы моделдеринин бири болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү расмий статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн негизги жолу Норвегиянын министрликтеринин жана мекемелеринин карамагындагы бар болгон административдик статистикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөрүндө болуп эсептелинет.

Окуу багытындагы жасалган иш-сапардын негизги максаты болуп Норвегиянын статистикалык тутуму менен жакындан, жеринен таанышуу болду. Аталган өлкөдө расмий статистиканы өндүрүү негизги үч административдик регистрдин базасында жүргүзүлөт. Алар: калкты каттоого алуу, юридикалык жактарды каттоо жана даректүү каттоонун дареги боюнча. Андан тышкары, норвегиялык кесиптештер статистикалык маалыматтарды таратуудагы, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуудагы, эмгек рыногунун, билим берүү жана башка тармактардагы статистикалык маалыматтарды өндүрүүдөгү жетишкендиктери жана кызматташуунун башка багыттары боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Калктын катталган административдик маалыматтык базасынын негизинде эл жана турак-жай фондун каттоосунун норвегиялык ыкмасы да көңүл чордонунда болуп, Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун башка өлкөлөр менен статистика өндүрүү жагындагы өз ара кызматташтыгына да кеңири токтолушту. Сапардын жүрүшүндө алынган тажрыйбалар менен билимдер Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өндүрүүнүн модернизациялоосун мындан аркы жүрүшүнө колдонулмакчы болду.

Өз кезегинде, Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунда конокто болгон Улутстаткомдун өкүлдөрү норвегиялык кесиптештерине расмий статистиканы чогултууну санариптештирүү, сапаттуулукту камсыз кылуу маселелери, статистикалык маалыматтарды таратуу, маалыматтык технологиялардын инфстрактруктурасын жакшыртуу жана башка багыттар боюнча кызматташтык маселелери боюнча маалымат беришти.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун башкы директору Гейр Аксельсен менен жолугушуп, жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө  жана өнөктөштүктү мындар аркы арттыруу маселелерине токтолушту. Жолугушуунун жыйынтыгы менен мекемелердин жетекчилери тарабынан расмий статистика жаатындагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүү боюнча Меморандумга кол коюлду.

             

             

             

             

             

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 13.05.2022, 14:19