«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамына кол коюлду

Басылмалардын датасы: 02.08.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын
8-июлунда «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын статистика жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу, аны Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы фундаменталдык принциптерине толук дал келтирүү, улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктун расмий статистикага болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат.

Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштөөсүн жөнгө салат, расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди белгилейт.

«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамы күчүн жоготот.


Акыркы жаңылоо: 02.08.2019, 14:57