2019-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жыйынтыктары чыгарылды

Басылмалардын датасы: 11.07.2019


2019-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү  аянты өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 миң гектарга же 0,1 пайызга көбөйүү менен 1216,7 миң гектарды түздү.

2019-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  себүү аянттары.

 

Миң. гектар

                2019
2018 карата
 пайыз менен

2019-жылы түшүм алуу үчүн себилген

 

көбөйүү (+),
кыскаруу (-)
2018 карата аянттар

 

 

 

 

Себүү аянты - бардыгы

1216,7

1,8

               100,1

  анын ичинде себүү мөөнөттөрү боюнча:

 

 

 

  жазгы себүү

743,4

17,3

            102,4

  күздүк себүү

140,4

-17,9

              88,7

  мурда себилген көп жылдык чөптөр

332,9

2,3

             100,7

 

Ошол эле учурда, жазгы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары 743,4 миң гектарды түзүп, бул өткөн жылдын жазгы себүү аянттарына салыштырганда 2,4 пайызга көп, мурда себилген көп жылдык чөптөрдүн аянты, тийиштүүлүгүнө жараша, 332,9 миң гектарга же 0,7 пайызга көп, ал эми ушул эле учурда күздүк эгиндер себилген аянттар 140,4 миң гектарды түздү, бул өткөн жылдын күздүк себүүлөрүнүн аянттарына салыштырганда 11,3 пайызга аз.

Күздүк эгиндер себилген аянтынын азайышы Чүй облусунун чарбаларында - 10,7 миң гектарга же 10,6 пайызга, Ош облусунун - 3,6 миң гектарга же 15,4 пайызга, Жалал-Абад облусунунун - 2,5 миң гектарга же 16,3 пайызга, жана Талас облусунунун чарбаларында - 1,0 миң гектарга же 20,6 пайызга азайышы белгиленди.

2019-жылы түшүм алуу үчүн жаздык эгин айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттары

 

Себилгени-бардыгы, миң.га

2019 2018 карата  пайыз менен

 

Жыйынтыгына карата, пайыз менен

2019   2018 карата миң.га

2018

2019

+,-

Жазгы себүү – бардыгы

726,0

743,4

102,3

100,0

17,4

алардын ичинен:

Буудай

110,1

113,9

103,5

15,3

3,8

Арпа

177,5

192,5

108,4

25,9

15,0

Дандык жүгөру

105,1

106,4

101,3

14,3

1,3

Дан буурчактар

61,6

62,2

100,9

8,4

0,6

Картошка

84,4

79,2

93,8

10,7

-5,2

Жашылчалар

52,0

53,4

102,7

7,2

1,4

Азык-түлүк бакчасы

11,2

10,9

97,2

1,2

-0,3

Кант кызылчасы

16,3

14,4

88,5

1,9

-1,9

Пахта

23,0

24,4

106,0

3,3

1,4

Тамеки

0,7

0,4

52,6

0,1

-0,3

Май өсүмдүктөрү

29,9

26,0

86,9

3,5

-3,9

Көп жылдык чөптөр

28,4

34,4

135,1

4,6

6,0

             

 

Жазгы себилген буудайдын аянты 113,9 миң гектарды түздү, бул өткөн жылдын аянтына салыштырмалуу 3,8 пайызга, жазгы арпа аянты - 192,5 миң гектарга же 8,4 пайызга, дан жүгөрүсү - 106,4 миң. гектарга же 1,3 пайызга, дан буурчак - 62,2 миң гектарга же 0,9 пайызга, жашылчалар - 53,4 миң гектарга же 2,7 пайызга, пахта - 24,4 миң гектарга же 6,0 пайызга, көп жылдык чөптөр - 34,4 миң гектарга же 35,1 пайызга көп болду.

Ушуну менен катар эле, картошканын аянты - 5,2 миң гектарга  же 6,2 пайызга, азык-түлүк бакчасы - 0,3 миң гектарга же 2,8 пайызга, кант кызылчасы - 1,9 миң гектарга же 11,5 пайызга, тамеки - 0,3 миң гектарга же 44,4 пайызга, май өсүмдүктөрү - 3,9 миң гектарга же 13,1 пайызга, башка өсүмдүктөрдүн аянттары - 0,3 миң. гектарга же 14,9 пайызга азайганы белгиленди.

2019-жылы түшүм алуу үчүн жаздык эгин айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарынын түзүмүндө буудайдын үлүшү 19,7 пайызды,  арпа – 17,0 пайызды, дандык жүгөрү – 8,7 пайызды, картошка – 6,5 пайызды, жашылчалар – 4,4 пайызды, кант кызылчасы – 1,2 пайызды, пахта – 2,0 пайызды, май өсүмдүктөрү – 2,1 пайызды жана тоют өсүмдүктөрү - 31,2 пайызды  түздү.

График: 2019-жылы түшүм алуу үчүн жаздык эгин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  себилген аянттарынын түзүмү. (жалпы аянтка карата, пайыз менен)

         |

 

__________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.07.2019, 11:01