2020-жылдын I кварталында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

Басылмалардын датасы: 01.07.2020


2020-жылдын январь-мартында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 16,1 пайызга кыскарды жана 148,3 млн. АКШ долларын түздү.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу, анын көлөмдөрү 2,8 эсеге көбөйгөн реинвестицияланган кирешеден башка, бардык түзүүчүлөрдө төмөндөгөнү белгиленди.

Январь-мартта тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

   2019

   2020

   2019

   2020

Бардыгы

176,7

148,3

100

100

Менчик капитал

4,7

3,3

2,7

2,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

44,0

123,4

24,9

83,2

Башка инвестициялар

128,0

21,6

72,4

14,6

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

120,1

17,5

67,9

11,8

соода кредиттери

7,9

2,1

4,5

1,4

башка кредитордук карыз

-

2,0

-

1,4

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (91 пайыздан көбү) иштетүү өндүрүш ишканаларына, дүң жана чекене соодага, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле, курулуш чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү иштетүү өндүрүш  ишканаларына – 9,3 эсеге, курулуш чөйрөсүнө – 4,5 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,6 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар  геологиялык чалгындоого – 12,6 эсеге,  дүң жана чекене соодага - 32,9 пайызга төмөндөдү.  
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 17,7 пайызга кыскарды, бул негизинен, алардын Кытайдан (15,6 эсеге), Швейцариядан (2,4 эсеге), Улуу Британиядан (1,7 эсеге) жана Нидерланддан (3,8 пайызга) төмөндөшүнүн эсебинен жүрдү.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 57,4 пайызы), Түркияга (9,1 пайызы), Нидерландга (8,8 пайызы), Кытайга (5,3 пайызы) жана Улуу Британияга (3,1 пайызы) туура келет.
КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын
келип түшкөн көлөмү 2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,8 пайызга көбөйдү, бул Казакстандан келген инвестициялардын 1,4 эсеге өсүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, Россиядан келген инвестициялар 18,8 пайызга төмөндөдү.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын I кварталына салыштырмалуу Ысык-Көл облусуна – 1739,6 эсеге, Ош шаарына - 16,0 эсеге, Баткен облусуна – 1,9 эсеге, Бишкек ш. – 7,7 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарда инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.
Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына58 пайызга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 32 пайызга жакыны, ошондой эле Жалал-Абад облусуна - 6 пайыздан ашыгы туура келди.
2020-жылдын январь-мартында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк  инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,4 эсеге көбөйдү жана 413,2 млн. АКШ долларын түздү. Ушул эле учурда,  келип түшүү агымынын деңгээлинен чыгып кетүү агымы 264,9 млн. долларга ашык болду. 
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын көбөйгөнү белгиленди.

Январь-мартта тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

   2019

   2020

   2019

   2020

Бардыгы

169,8

413,2

100

100

Менчик капитал

1,0

11,4

0,6

2,7

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

56,1

160,6

33,0

38,9

Башка инвестициялар

112,7

241,2

66,4

58,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

33,0

159,0

19,5

38,5

соода кредиттери

79,1

82,2

46,6

19,9

башка кредитордук карыз

0,6

-

0,3

-

2020-жылдын январь-мартында инвестициялардын чыгып кетүү агымынын иштетүү өндүрүшүнөн, электроэнергия, газ, жана буу менен камсыздоодон (жабдуу), ошондой эле суу менен жабдуудан,  калдыктарды тазалоодон, жана кайра пайдаланылуучу чийки затты алуудан башка, ишмердиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда көбөйгөнү байкалды.
КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Швейцарияга (18,5 эсеге), Кореяга (8,2 эсеге), Улуу Британияга (6,5 эсеге), Кипрге (4,8 эсеге), Кытайга (2,3 эсеге) жана Түркияга (2,0 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду.
КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 6,0 эсеге көбөйдү, бул инвестициялардын Россияга (9,9 эсеге) жана Казакстанга (2,9 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду.
2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка, бардык  облустарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйүшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.07.2020, 17:13