2015-жылдын январь-июлдагы өнөр жай подукциясынын көлөмүнүн жогорулашы баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды

Басылмалардын датасы: 14.08.2015


Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 102,0 млрд. сом өлчөмүндө өнөр жай азыктары өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 123,3 пайызды, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда 106,6 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы көлөмдүн өсүшү баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды. Металл рудаларын казуунун, тазаланган мунайзат продуктыларын өндүрүүнүн, ошондой эле резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү.

Ошону менен бирге текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдар өндүрүшүндө (27,8 пайызга), электр жабдууларын өндүрү (20,4 пайызга), электр энергия өндүрү , аны берүү жана бөлүштүрүүдө (8,4 пайызга) өткөн жылдагы деңгээлден артта калуу сакталууда.
___________________________________________________________________________________________________________

Өнөр жай статистикасы бөлүмү

e-mail abdrahmanova@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.08.2015, 10:29