Расмий статистика органдарынын кесиптик күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 22.04.2022


Урматтуу ардагерлер жана расмий

статистиканын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү менен куттуктайм!

Жекшемби күнү, 24-апрелде республиканын расмий статистика органдары өздөрүнүн 1995-жылдан бери жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келе жаткан Кыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилешет.

Статистика боюнча Комитет Кара-Кыргыз облревкомунун 1926-жылдын 29-апрелиндеги токтому менен түзүлгөн, ага статистикалык маалыматтарды ар тараптуу иштеп чыгуу, ошондой эле ошол мезгилде ар кандай ведомстволордун жана мекемелердин курамында турган статистикалык органдардын ишин координациялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети пайдалануучулардын бардык категориялары менен - өкмөттүк органдардан тарта калктын кеңири катмарына жана эл аралык коомчулукка чейин тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетишип ийгиликтүү иштеп жаткан статистикалык системанын үлгүсү болуп саналат.

Дал ушул статистика өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын, мыйзамдардын, Президенттин жана Өкмөттүн социалдык-экономикалык жана демографиялык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткаруунун жүрүшүн маалыматтык-статистикалык камсыздоодо, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын индикаторлоруна өз убагында жана сапаттуу мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле республиканын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аймактык деңгээлде 7 облустук башкармалыктары, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыктары бар.

Урматтуу расмий статистиканын кызматкерлери! Бүгүнкү күндө республиканын Улуттук статистика комитети Эл аралык тажрыйбаны ийгиликтүү пайдаланган жана жалпы кабыл алынган эл аралык эрежелерди жана стандарттарды ишке ашырган жогорку уюшулган маалыматтык тутумунуна үлгүсү болуп санала тургандыгына Сиздердин  талыкпаган эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, принциптүүлүгүңүздөр, эл аралык статистикалык уюмдар жана статистикалык кызматтар менен туруктуу жана натыйжалуу кызматташууну жөнгө салуу жөндөмүңүздөр өбөлгө түздү.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо жана жумуштагы мындан аркы ийгиликтерди каалайм!


Акыркы жаңылоо: 23.04.2022, 09:52