Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Күнүнө карата кутуктоосу

Басылмалардын датасы: 23.06.2022


Урматтуу кесиптештер!

Жалпыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик кызмат эбегейсиз чоң жоопкерчиликти, чечим кабыл алуудагы ыкчамдуулукту жана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү  талап кылат. Бүгүнкү күндө миңдеген мамлекеттик кызматчылар мамлекеттин ар кыл тармактарында үзүрлүү эмгектенишип, учу кыйырсыз өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, бекем пайдубалынын түптөлүшүнө салым кошуп келе жатышат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети пайдалануучулардын бардык категориялары менен - мамлекеттик органдардан тарта калктын кеңири катмарына жана эл аралык коомчулукка чейин тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетишип ийгиликтүү иштеп жаткан статистикалык системанын үлгүсү болуп саналат.

Дал ушул статистика өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын, мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык жана демографиялык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткаруунун жүрүшүн маалыматтык-статистикалык камсыздоодо, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын индикаторлоруна өз убагында жана сапаттуу мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле республиканын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.

Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана жооптуу иштериңиздерге ийгилик каалайм! Ал эми ыйык өлкөбүз Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрүшсүн!

         Урматтоо менен,

Б. Кудайбергенов

 


Акыркы жаңылоо: 23.06.2022, 11:55