Улутстаткомдун төрагасы БУУнун Статистикалык комиссиясынын 54-пленардык сессиясына катышты

Басылмалардын датасы: 10.03.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 2023-жылдын 27-февралынан 3-мартына чейин БУУнун Статистикалык комиссиясынын (АКШ, Нью-Йорк) 54-пленардык сессиясына – жогорку деңгээлдеги форумга катышты.  

Сессияны өткөрүүнүн максаты 2030-жылга чейинки мөөнөттө туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетүү жана улуттук статистика кызматтарынын көрсөткүчтөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү ролу, расмий статистиканы өндүрүү үчүн административдик маалыматтарды жана жаңы маалымат булактарын пайдалануу, расмий статистиканын жана анын алкактарынын сапатын камсыздоо, маалыматтарды жана метамаалыматтарды жайылтуунун бирдиктүү стандарттарын колдонуу, мамлекеттик маалыматтарды башкаруу, ошондой эле улуттук статистика тутумдарын модернизациялоо маселелерин талкуулоо болуп саналды. 

Бактыбек Кудайбергенов сессияда сүйлөгөн сөзүндө геомейкиндиктүү маалыматтарды колдонуунун маанилүүлүгүн, өлкөлөрдүн статистика тутумдарын модернизациялоо жаатындагы статистикалык потенциалын туруктуу жогорулатуу, ошондой эле статистикалык маалыматтарды чогултуунун жаңы технологияларга жана ыкмаларга өтүү зарылчылыгын белгилеп, БУУнун статистика бөлүмүнүн өкүлдөрүнө ТӨМгө мониторинг жүргүзүүнүн алкагындагы өз ара кызматташуулары үчүн ыраазычылык билдирди. 

Муну менен бирге КР Улутстаткомунун төрагасы БУУнун статистика бөлүмүнүн, Кореянын Улуттук статистика кеңсесинин, Кытайдын Улуттук статистика бюросунун жетекчилери  менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү, алардын жүрүшүндө маалыматтар жана метамаалыматтар менен алмашуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, ошондой эле «.stat» интеграцияланган маалыматтар базасын ишке киргизүү, статистикалык потенциалды жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланып, электрондук коммерциянын статистикалык эсебин уюштуруу тажрыйбасын алмашуу боюнча иш-чараларды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралды.   

Белгилей кетсек, БУУнун Статистикалык комиссиясы глобалдык статистика тутумунун жогорку органы катары эл аралык статистикалык ишмердик жаатындагы чечимдерди кароо жана кабыл алуу, өзгөчө статистикалык стандарттарды аныктоо, эл аралык статистикалык классификацияларды, ыкмаларды, концепцияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жана аларды улуттук жана эл аралык деңгээлдерде ишке ашыруу, статистикалык потенциалды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн жыл сайын бүткүл дүйнө өлкөлөрүнүн статистикалык мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен кезектеги сессияларын уюштуруп турат. 


Акыркы жаңылоо: 10.03.2023, 11:19