Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлү ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонунун жыйынтыгы боюнча экинчи орунга татыды

Басылмалардын датасы: 16.05.2022


Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Чолпон-Ата шаарында олимпиадалык коло байгедеги чемпион Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган ШКУнун  кезектеги жеңил атлетикалык Эл аралык Ысык-Көл  марафону болуп өттү. Улутстаткомдун өкүлү Гүлзейнеп Мурсабекова 21 километр аралыкты камтыган жарым марафондун 2 саат 36 мүнөттө багынтты. Марафондун жыйынтыгы менен жетинчи ирет аталган спорттук иш-чарага жигердүү катышып келген Улутстаткомдун өкүлү 54-64 жаш-курактык категория боюнча экинчи орунду ээлеп, сый белектерге ээ болду. Жалпысынан бул спорттук иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 3 000дей спортчулар жана спорт сүйүүчүлөрү катышышты.

            


Акыркы жаңылоо: 16.05.2022, 17:03