Пресс-анонс: 2021-жылдын 1-декабрында «Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери, 2016-2020» статистикалык жыйнагынын жаңыланган версиясынын бет ачары өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 30.11.2021


Урматтуу журналистер!

«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2016-2020» статистикалык жыйнагынын жаңыланган версиясы жарыкка чыкты. Жыйнакта калк, аялдар менен эркектердин мамлекеттик органдардагы өкүлдөрү, жумуш менен камсыздуулук жана жумушсуздук, жашоо деңгээли, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук бузуулар, убакыт бюджетин пайдалануу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана колдонуучуларды кызыктырган башка маалыматтар камтылган. Таблицалар инфографикалык дизайнды колдонуу менен берилген жана маалыматтарды визуалдаштырууну жакшырткан графиктер менен толукталды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети UNFPA Кыргыз Республикасынын Кеңсеси жана Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен биргеликте 2021-жылдын 1-декабрында  «Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2016-2020» статистикалык жыйнагынын жаңыланган версиясынын бет ачарын өткөрөт.

Өтө турган убактысы: 2021-жыл, 1-декабрь. Башталышы: саат 09.30, каттоо: 09:00 

Өтө турган жери:: Бишкек ш., Орозбеков көчөсү 87, Park Hotel Bishkek отелинин «Ballroom» залы

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Макешов Мактумкули Макешовичке кайрылсаңыздар болот. тел.625747, (уюл: 070060-69-52) e-mail: smi_nsc@stat.kg

________________________________________________________________

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.11.2021, 11:25