ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын январь-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 12.05.2022


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен 2022-жылдын январь-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү, 2021-жылдагы коммерциялык банкктар жана банктарга таандык эмес каржы-насыялык уюмдардын ишмердүүлүктөрүндөгү көрсөткүчтөр жана 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын абалы жөнүндө статистикалык маалыматтар тууралуу бөлүшөт.

Өткөрүү убактысы: 2022-жылдын 14-майы , саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Турдубаева Чынара Сеейитказиевна – жыйынтыктоо иштери, коммуникациялык жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Өмүралиев Рыскелди Советбекович – улуттук эсептер тутуму жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы;
  • Валуйская Светлана Юрьевна – каржы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Бакаева Айгүл Эликбаевна – социалдык статистика бөлүмүнүн адиси.

Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.

Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма-сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47, уюл: 0(700) 60-69-52 Махтумкули Макешов. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарыл болсо көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.


Акыркы жаңылоо: 12.05.2022, 16:27