ПРЕСС-АНОНС:2019-жылдын 8 айында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.09.2019


Улуттук статистика комитети ар бир айдын биринчи декадасында Пресс-конференция өткөрүп турат, анын негизги максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулуктун маалымдалышын жогорулатуу: башкаруу органдары, массалык маалымат каражаттары жана башка пайдалануучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалымат менен тааныштыруу болуп саналат.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматчылары пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП), республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн, айыл чарбасынын, ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен болгон экспорттук-импорттук операциялардын көлөмдөрү тууралуу, ошондой эле 2019-жылдын I жарым жылдыгында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү жана республиканын калкынын ички миграциясы жөнүндө статистикалык маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өткөрүлө турган убактысы:  2019-жылдын 11-cентябры, саатт 10.00 -11.00
Өткөрүлө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көч., 374

 

Баяндоочулар:

  • Турдубаева Чинара Сейтказиевна, Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бирюкова Виктория Ивановна, Инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Абдуллаева Гульхумар Турсуновна, Демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы.

Мындан тышкары, журналисттер аларды кызыктырган маселелер боюнча Улутстаткомдун тийиштүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалымат же консультация ала алышат.

 

Интервью (зарыл болсо көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча толук маалымат алуу үчүн жыйынтыктоо иштери жана статмаалыматтарды жайылтуу бөлүмүнө кайрылсаңыздар:

тел.625662, 625559, e-mail: svodnsc@stat.kg

Катышууну тастыктоо үчүн (зарыл болсо көрсөтүү керек) e-mail: svodnsc @stat.kg  жазыңыздар;

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747


Акыркы жаңылоо: 10.09.2019, 16:58