ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын I-кварталындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы

Басылмалардын датасы: 11.04.2022


Ар бир айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулукту кабардар кылып туруу максатында, пресс-конференция өткөрүп турат. Анда мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана коомдук уюмдар жана башкалар пайдалана турган расмий статистикалык маалыматтар тааныштырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2022-жылдын I-кварталы боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө, эл жана турак-жай фондун каттоосунун биринчи этабынын өтүшү тууралуу, 2021-жылында түзүлгөн жаңы жумушчу орундар жана жоюлган жумушчу орундар тууралуу, ошондой эле 2021-жылындагы калктын микронасыялаштыруу жөнүндө статистикалык маалыматтарды айтып беришет.

Өтө турган убактысы: 2022-жылдын 12-апрели,  Башталышы: саат 10.00

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374. 1-кабат (пресс-борбор)

Баяндамачылар:               

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Жумалиев Зайнидин Калидинович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Жайлообаева Гүлнара Жылкычиевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Касымова Чолпон Тойчубековна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каржы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Макешов Мактумкули Макешовичке кайрылсаңыздар болот. тел.625747, (уюл: 070060-69-52) e-mail: smi_nsc@stat.kg

*****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Кыргыз Республикасынын Расмий статистикасы жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.04.2022, 17:55