Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды

Басылмалардын датасы: 23.12.2017


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды.

Акылбек Султанов Мамлекет башчысына өлкөдөгү статистикалык каттоо системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар жана Улуттук статистикалык комитеттин ишмердиги боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик статистика экономика тармагында жана коомдук ишмердикте башкаруучу чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдар үчүн маанилүү курал жана маалымат булагы экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы маалыматтарды берүү ыкчамдыгы, алардын сапаты жана  анын чындыкка дал келишин камсыздоо үчүн маалыматты чогултуу жана аны иштеп чыгуунун жаңы прогрессивдүү ыкмаларын киргизүүнүн  өзгөчө маанисин белгиледи. Мында ал эл аралык практикада колдонулган эрежелерге жана стандарттарга ылайык илимий жолдорду жана алдыңкы ыкмаларды колдонуу керектигин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков “КМШга катышуучу мамлекеттерде 2020-жылдын раундунун калкты каттоону жүргүзүү жөнүндө” КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин алкагында калкты жана турак фондун каттоого даярдык көрүү жумуштарын кылдат жана сапаттуу өткөрүү керектигин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатын баалоо жана ишке ашыруу үчүн бул иш-чаранын маанисин  баса белгиледи.

 


Акыркы жаңылоо: 25.12.2017, 08:48