Коммерциялык банктардын пайдасы дээрлик 3 эсеге өстү

Басылмалардын датасы: 02.06.2023


2023-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 632 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 357 күрөөкана, 142 микрокредиттик уюм, 93 кредиттик бирикме, 15 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2023-жылдын январь-март айларында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 30 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 24%га көбөйдү, бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 1,5 эсеге көбөйдү жана 18,6 млрд. сомду түздү.

I кварталында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын
 ишмердигинин көрсөткүчтөрү

(млн. сом)

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Бардыгы

24 409,1

30 206,7

12 595,0

18 566,1

11 780,2

11 640,2

Банктар

21 364,1

26 383,8

10 522,1

15 850,4

10 853,4

10 532,8

Күрөөканалар

201,9

422,6

123,4

265,6

77,9

156,9

Кредиттик бирикмелер

55,2

48,9

45,7

38,1

9,5

10,8

Микрокредиттик уюмдар

2 215,9

2 484,9

1 415,2

1 730,2

800,8

755,0

Камсыздоо уюмдары

560,1

854,3

474,8

673,7

40,5

180,7

Башка уюмдар

11,9

12,2

13,8

8,1

-1,9

4,0

2023-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 63%ын түздү, ал эми уюмдардын 16%ы чыгым тартты.

2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 11,6 млрд. сом суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен бир аз эле (1,2%га) азайды. Пайданын өсүшү коммерциялык банктарда, камсыздандыруу уюмдарында жана кредиттик уюмдарында байкалды, ал эми анын төмөндөшү - Улуттук банкта байкалды.

I кварталындагы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы
(млрд. сом)

Финансы секторунун жалпыланган кредиттик портфели 2023-жылдын I кварталынын аягына карата 245 млрд. сомдон ашты, мында анын көлөмүнүн 85,5%ы банктык кредиттөөгө туура келди.

Финансы секторунун кредиттик портфелинин тармактык түзүмүндө мурдагыдай эле соода чөйрөсүндө (жалпы көлөмдүн 25%ы), керектөөчү кредиттөөдө (21%га жакын) жана айыл чарбасында (19%га жакын) кредиттердин жогорку топтолушу байкалды.

 

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.06.2023, 13:47