Кыргыз Республикасында гендердик статистикага баалоо жүргүзүлдү

Басылмалардын датасы: 24.08.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети «ПАРИС 21» жана «БУУ - Аялдар» уюмдарынын колдоосунун алдында Кыргыз Республикасында гендердик статистиканы баалоо боюнча жыйынтыктардын жана сунуштардын кыскача баяндамасы иштелип чыкты.

Анда 2019-жылдын сентябрынан 2020-жылдын майына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында гендердик статистиканы комплекстүү баалоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган жыйынтыктар жана сунуштар жалпыланды. Бул баалоо «БУУ - Аялдар» түзүмүнүн «Ар бир айым жана кыз маанилүү» деген глобалдуу демилгесинин бөлүгү болуп саналат, анын максаты гендердик статистиканы өнүктүрүү үчүн мыйзамдык чөйрөнү, гендердик маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана колдонулушун жакшыртуу, ошондой эле улуттук артыкчылыктарга жана «2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүктүрүү жаатында Күн тартибине ылайык гендердик статистиканы жүргүзүү» болуп саналат.

Бүгүнкү күндө гендердик статистикага болгон суроо-талап өсүп жатат, анткени коомдо эркектердин жана аялдардын абалы жөнүндөгү маалымат гендердик маселелерди чечүүгө жана гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу учурунда абдан маанилүү.

Муну менен катар, гендердик статистика колдонуучуларга алар өлкөнүн калкынын толук мүнөздөмөсүн берген, өз убагында, ишенимдүү жана дезагрегигацияланган маалыматтарды камсыздоо үчүн жалпы улуттук статистика системасын өркүндөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Жүргүзүлгөн баалоо, статистиканы жүргүзүүчүлөр үчүн да, ошондой эле статистиканы пайдалануучулар үчүн да пайдалуу болот, анткени ал гендердик статистиканы жүргүзүүнүн жана жайылтуунун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Краткий обзор выводов и рекомендаций по Оценке гендерной статистики в Кыргызской Республике  

Summary of key findings Gender Statistics_ENG_web

 

____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 24.08.2021, 10:46