“Электрондук отчеттуулук” автоматташтырылган системасы менен иштөө үчүн үч пилоттук форма боюнча окуу өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 02.10.2015


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2015-жылдын 28-апрелиндеги №34 буйругу менен бекитилген “Электрондук отчеттуулук” автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 7-10-сентябрь күндөрү Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас облустарынын жана Ош шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн  кызматкерлери үчүн “Электрондук отчеттуулук” автоматташтырылган системасы менен иштөө үчүн үч пилоттук форма боюнча (№1-Ф, №1-ФХД микро, №1-инвест) окуу өткөрүлдү.

Жалпысынан алганда окуудан 38 адам өттү. Азыркы убакта окутулган адистер менен жогоруда аталган формалардын алгачкы маалыматтарды  2015-жылдын I жана II квартдарын киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.

_____________________________________________________________________________________________________________
КР Улуттук Статистика Комитетинин     |   e-mail: stat1@stat.kg    |  тел.: +996 (312) 32 46 03

Башкы Эсептɵɵ Борбору


Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.10.2015, 10:13