2020-жылдын II кварталындагы жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 13.07.2020


2020-жылдын II кварталында жашоо минимумунун нарктык көлөмү жан башына 5 478,91 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында апрель-июнь айларында жашоо минимумунун нарктык көлөмүнүн өсүшү белгиленди. 

Аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орто эсеп менен) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

 

II квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2019

2020

Бардыгы

         4 739,07  

         5 478,91  

115,6

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

         5 292,61  

         6 147,16  

116,1

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

         5 414,80

         6 306,26  

116,5

   аялдар

5 240,52

         6 109,95  

116,6

Пенсионерлер

         4 224,81

         4 911,39  

116,3

Балдар

         4 035,67

         4 617,67  

114,4

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

         3 591,93

         4 076,60  

113,5

 7ден 14кө чейинки

         4 187,74

         4 817,85  

115,0

 14төн 17ге чейинки

         4 556,21

         5 243,17  

115,1

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын  минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана  энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык чоңдугун эсептеп чыгарат.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 13.07.2020, 16:15