2021-жылдын IV кварталында жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 18.01.2022


2021-жылдын IV кварталында жашоо минимуму

2021-жылдын IV кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 518,03 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17,2 пайызга өстү. 

  IV кварталда Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө  ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр- 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо киши башына, айына сом менен)

 

IV квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 562,68

6 518,03

117,2

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

6 237,52

7 311,16

117,2

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

6 380,75

7 490,42

117,4

   аялдар

6 185,69

7 261,28

117,4

Пенсионерлер

4 953,91

5 807,53

117,2

Балдар

4 701,18

5 504,74

117,1

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 171,28

4 889,00

117,2

 7ден 14кө чейинки

4 878,44

5 707,11

117,0

 14 -17

5 340,24

6 249,74

117,0

_________________________
Үй чарба статистикасы  бөлүмү |   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 18.01.2022, 13:33