Майыптыгы боюнча социалдык жөлөк пул алуучулардын саны өсүүдө

Басылмалардын датасы: 07.07.2021


2021-жылдын 1-январына карата республикада калкты социалдык жактан коргоо органдарында жана башка министрликтер менен ведомстволордун каттоосунда турган жана майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алгандардын саны 198 миңге жакын адамды түзгөн, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул күнүнө салыштырганда 10,5 пайызга көп. Ошол эле учурда, калктын жалпы санында мындай адамдардын үлүшү беш жыл бою өзгөрүүсүз болуп - 3% деңгээлинде калган.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынын 165 миңден ашык алуучулары же 4%ы бойго жеткен калктын үлүшүнө туура келген. 2016-жылга салыштырмалуу алардын саны 10,4 пайызга көбөйгөн.

Калкты социалдык жактан коргоо органдарында каттоодо турган жана майыптыгы боюнча жөлөк пул алган 18 жашка чейинки ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 2021-жылдын 1-январына карата 32 миңден ашык баланы түздү же ушул курактагы балдардын жалпы санынын 1,3%ын түзгөн. 2016-жылга салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 11,3 пайызга көбөйгөн.

Майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад (21 пайыздан ашык), Ош (19 пайызга жакын) жана Чүй (16 пайызга жакын) облустарында байкалган.

2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы боюнча пенсия жана жөлөк пул алган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынан болжол менен 53 пайызын же 104 миңден ашыгын эркектер түзсө, ал эми 47 пайыздан ашыгын же 93 миңден ашыгын аялдар түзгөн. 2016-жылга салыштырмалуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген эркектердин саны 9,6 пайызга, ал эми аялдардын саны 11,6 пайызга көбөйгөн.

Акыркы төрт жылда (2016-жылдан 2019-жылга чейин) бойго жеткен калктын арасында биринчи жолу майыптуулук жыл сайын орто эсеп менен 11 миң адамга белгиленсе, ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч кыйла төмөндөп, 9 миңге жакын адамды түзгөн. 2020-жылы биринчи жолу майып деп табылган адамдардын жалпы санынын 44 пайыздан ашыгын аялдар болгон, ал эми 95 пайыздан ашыгын эмгекке жарактуу адамдар болгон.

2020-жылы бойго жеткен калктын майыптыгынын негизги себептери кан айлануу системасынын оорулары болгон - алар дээрлик 23 пайызды түзгөн, залалдуу шишиктер - 13 пайызга жакынын, ал эми жаракат, уулануу жана башка тышкы себептерден улам болгон оорулар - 11 пайызга жакынын түзгөн.

__________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52, 66 40 42.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.07.2021, 15:09