2022-жылдын I жарым жылдыгындагы калктын реалдуу акчалай кирешелери 4,3 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 16.11.2022


Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307,2  млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,7 пайызга көбөйдү.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)

 

       

 

 

 

Бардыгы

анын ичинде

 

эмгек ишмердигинен түшкөн киреше

социалдык трансферттер

жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешелер

башка акчалай түшүүлөр

 
 

2021

 

 

 

 

 

 

Январь-март

126 885,6

85 210,0

18 446,5

18 326,4

4 902,7

 

Январь-июнь

261 024,9

177 397,1

36 970,3

34 994,7

11 662,8

 

Январь-сентябрь

397 505,4

272 605,8

55 850,3

51 505,2

17 544,2

 

Январь-декабрь

541 755,0

368 621,9

76 310,9

73 352,3

23 469,9

 

 

 

 

 

 

 

 

2022

 

 

 

 

 

 

Январь-март

149 193,3

101 158,5

20 354,1

21 046,8

6 633,8

 

Январь-июнь

307 153,5

217 146,1

41 533,5

36 579,1

11 894,8

 

2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 272,3 млрд. сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында жалпы республика боюнча айына 7 408,7 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга көбөйдү.

 

 I жарым жылдыктагы калктын адам башына эсептелген орточо акчалай кирешелери

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

       Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө
       статистикасы башкармалыгынын                                          e-mail:n.kerimalieva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324691
       үй чарба статистикасы  бөлүмү 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 16.11.2022, 13:15