Улутстаткомдун каттоочулары униформа алышты

Басылмалардын датасы: 21.12.2017


Бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын кызматкерлерине - бааларды каттоочуларга униформа (жайкы жана кышкы варианттары) тапшыруу болуп өттү.

Кызматкерлерге униформа тапшыруу менен, Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы ар бир мамлекеттик статистика кызматкеринин жогорку жооптуулугун белгилеп, мамлекеттик кызматкердин өзүн алып жүрүү этикасы жөнүндө айтып берди жана баарына натыйжалуу жана уюшулган иш алып баруусун каалады.

Ушул күндөн баштап, мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын кызматкерлери Улутстаткомдун униформасында бааларга статистикалык байкоолорду жүргүзүшөт.


Акыркы жаңылоо: 21.12.2017, 13:24