Көмүр жана импорттук өндурүштүн рыногунда жергиликтүү баалардын өсүшү уланууда. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 14-ноябрына кыскача обзор

Басылмалардын датасы: 15.11.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында 2019-жылдын 14-ноябрына карата көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүш)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири үзгүлтүксүз жана "таза" баалардын өзгөрүүсүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөну бирдей шарттарда ишке ашыруну, сандын бирдей бирдиктерин карайт.

Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмур алынат. Бааларды жана тарифтерди каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулардын жеке өздөрү барып, бааларды   каттоо жүргүзүлөт. Рыноктордо, базарларда жана көчөлөрдө товарлардын сунушталган баалары эмес, товарлардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соодалар абдан жакшы жүрүп жаткан сааттардын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.

2019-жылдын октябрь айында көмүрдүн  орточо чекене баалары 2019-жылдын сентябрь айындагы баасына салыштырмалуу тоннасы 244,61 сомго, же 5,7 пайызга жогорулады. Эске алсак, көмүр сезондук товар болгондуктан сентябрда жана октябрда кээ бир шаарларда сатууга чыккан  жок, ошол себептен кээ бир шаарларда (Токтогул,  Нарын, Талас, Ош жана Чаек айылы), сентябрь айында баалар келтирилген жок, ал эми Ноокатта октябрь айында баасы болгон жок.

Ноябрь айынын акыркы эки жуманын ичинде көмүрдүн орточо  керектөө баалары  октябрь айындагы баасына салыштырмалуу – тоннасы 126,38 сомго, же 2,8 пайызга жогорулады.

2019 жылдын 14-ноябрына карата көмурдун максималдуу  чекене баасы Кара-Суу шаарында (бир тонна – 8 485,28 сом), Баткен шаарында (бир тонна – 7 455,29 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 7 286,61 сом) белгиленди. Ушул эле учурда көмүрдүн минималдуу чекене баалар, өткөн мезгилдегидей эле, Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында (бир тонна  – 3549,65 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) байкалды.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп Токтогулда – тоннасы  921,05 сомго, же 20,5 пайызга, Кербенде -  тоннасы 397,87 сомго, же 9,4 пайызга, Джалал-Абадта – тоннасы 393,17 сомго, же 7,7 пайызга жана  Покровка айылында – тоннасы 500 сомго, же 12,5 пайызга  жогорулады.

Жүргүзүлгөн талдоого жараша көмүрдүн өсүү  баасы улаанууда жана жалпысынан үстүбүздөгү жылдын сентябрына салыштырмалуу тоннасына 371 сом, же 8,5 пайызга өстү. 

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
                  (бир тонна, сом)

 

 

2019-ж.

сентябрь

 

2019-ж.

октябрь

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү

(-)

 

 

Октябрь 2019

 

2019-жылдын

 14- ноябрына

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 279,91

4 524,52

244,61

4 524,52

4 650,90

126,38

Каракол ш.

5 410,68

5 556,98

146,30

5 556,98

5 556,98

0,00

Балыкчы ш.

3 500,00

3 694,59

194,59

3 694,59

3 694,59

0,00

Кербен ш.

3 130,50

4 249,71

1119,21

4 249,71

4 647,58

397,87

Токтогул ш.

-

4 500,00

4 500,00

4 500,00

5 421,05

921,05

Джалал- Абад ш.

5 215,88

5 091,64

-124,24

5 091,64

5 484,81

393,17

Чаек айылы

-

2 500,00

2 500,00

2 500,00

2 500,00

0,00

Нарын ш.

-

3 646,92

3 646,92

3 646,92

3 549,65

-97,27

Исфана ш.

5 700,88

6 113,51

412,63

6 113,51

6 493,07

379,56

Баткен ш.

6 000,00

8 000,00

2 000,00

8 000,00

7 455,29

-544,71

Кара-Суу ш.

8 124,04

8 124,04

0,00

8 124,04

8 485,28

361,24

Ноокат ш.

-

-

-

0,00

7 286,61

7 286,61

Узген ш.

4 520,89

4 538,76

17,87

4 538,76

4 672,33

133,57

Покровка айылы

4 000,00

4 000,00

0,00

4 000,00

4 500,00

500,00

Талас ш.

-

4 673,33

4 673,33

4 673,33

5 000,00

0,00

Кара-Балта ш.

3 849,68

3 900,00

50,32

3 900,00

3 900,00

0,00

Токмок ш.

3 649,66

3 749,67

100,01

3 749,67

4 055,27

34,96

Бишкек ш.

4 010,52

4 022,07

11,55

4 022,07

4 166,03

229,44

Ош ш.

-

5 899,43

5 899,43

5 899,43

5 966,48

102,34

 

________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 18.11.2019, 11:31