ИДПнын көлөмүнүн өсүшү өткөн жылдын январь-июль айлары менен салыштырганда товарларды өндүргөн тармактардын өсүү темпинин жогорулашынын эсебинен камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.08.2017


Ички дүң продукт (ИДП) 2017-ж. январь- июль айларында алдын-ала баалоо боюнча 240 млрд. сомго жакындады, бул өткөн жылдын ушул мезгилинин деӊгээлинен 6,9 пайызга жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда 214 млрд. сомдон ашык түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилинин деӊгээлинен 3,6  пайызга жогору болду.

 ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызматтарды көрсөткөн тармактары тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу товар өндүрүү тармактарында  116,8 пайызды (2016-ж. январь- июль айларында -93,3 пайыз), ал эми  кызмат көрсөтүүчү тармактарда  - 100,4 пайызды (2016-ж. январь- июль айларында -101,7 пайыз) түздү. 

Өткөн жылдын январь- июль айларына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 2,5 пайыздык пунктка (негизинен үлүшү 3,5 пайыздык пунктка көбөйгөн өнөр жай тармагынын эсебинен) өсүп, 37,2 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,6 пайыздык пунктка азайып, 51,3 пайызды түздү.

2017-жылдын январь- июль айларындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү              боюнча ИДП

        (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2016

2017

ИДП

239868,3

6,9

100,0

100,0

Товарларды өндүргөн тармактар

89215,2

16,8

34,7

37,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы             жана  балык уулоочулук

25640,2

0,8

11,6

10,7

Өнөр жай

48111,2

32,7

16,5

20,0

Пайдалуу кендерди казуу

3753,8

93,7

0,9

1,6

Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

39144,1

31,5

13,7

16,3

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

4662,2

13,1

1,7

1,9

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

551,1

4,2

0,2

0,2

Курулуш

15463,8

5,4

6,6

6,5

Кызматтарды көрсөткөн тармактар

123032,8

0,4

52,9

51,3

Дүң жана чекене соода; автомобилдерди
жана мотоциклдерди оңдоо

40188,7

4,1

17,1

16,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

10517,3

7,2

4,4

4,4

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги

3743,7

7,0

1,7

1,6

Маалымат жана байланыш

8840,0

-25,0

4,6

3,7

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

59743,1

0,8

25,1

24,9

Продуктуларга таза (субсидиялар

эсептен алынган) салыктар

27620,3

6,9

12,4

11,5

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg;

 тел. + 996 (312) 324695, 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 11.08.2017, 14:39