ИДПнын көлөмүнүн өсүшү өткөн жылдын январь-ноябрь айлары менен салыштырганда товарларды өндүргөн тармактардын өсүү темпинин жогорулашынын эсебинен камсыздалды

Басылмалардын датасы: 12.12.2017


Ички дүң продукт (ИДП) 2017-ж. январь-ноябрь айларында алдын-ала баалоо боюнча 430 млрд. сомдон көбүн түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилинин деӊгээлинен 4,0 пайызга жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда 388 млрд. сомдон ашыгын түздү жана 3,9  пайызга жогору болду.

 ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызматтарды көрсөткөн тармактар тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу товар өндүрүү тармактарында  107,7 пайызды (2016-ж. январь- ноябрь айларында -103,7 пайыз), ал эми  кызмат көрсөткөн тармактарда  - 101,1 пайызды (2016-ж. январь-ноябрь айларында -102,8 пайыз) түздү. 

Өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,9 пайыздык пунктка (негизинен үлүшү 1,3 пайыздык пунктка көбөйгөн өнөр жай тармагынын эсебинен) өсүп, 40,6 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү тескерисинче 0,7 пайыздык пунктка азайып, 48,2 пайызды түздү.

2017-жылдын январь-ноябрь айларындагы экономикалык иштин түрлөрү              боюнча ИДП

        (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2016

2017

ИДП

430128,9

4,0

100,0

100,0

Товарларды өндүргөн тармактар

174691,7

7,7

39,7

40,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы             жана  балык уулоочулук

60091,3

1,8

14,5

14,0

Өнөр жай

79886,1

12,8

17,2

18,5

Пайдалуу кендерди казуу

6250,3

85,2

1,0

1,4

Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

65861,7

8,3

14,6

15,3

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

6886,8

8,9

1,4

1,6

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

887,3

6,4

0,2

0,2

Курулуш

34714,3

7,2

8,0

8,1

Кызматтарды көрсөткөн тармактар

207235,0

1,1

48,9

48,2

Дүң жана чекене соода; автомобилдерди
жана мотоциклдерди оңдоо

77291,5

4,6

17,7

18,0

Транспорт ишртери жана жүктөрдү сактоо

17382,6

6,4

4,0

4,0

Мейманканалардын жана ресторандардын иштери

7645,7

8,1

1,8

1,8

Маалымат жана байланыш

14447,8

-22,3

4,0

3,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

90467,4

0,9

21,4

21,0

Продуктуларга таза (субсидиялар

эсептен алынган) салыктар

48202,2

4,0

11,4

11,2

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg;

 тел. + 996 (312) 324695, 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 12.12.2017, 11:48