2020-жылдын сентябрында социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене баалары. ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлору боюнча кыскача обзору

Басылмалардын датасы: 30.10.2020


 

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын сентябрында ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары, биринчи сорттогу буудай унду кошпогондо, Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын сентябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,67

5,10

5,49

3,81

Койдун эти

4,47

6,02

6,85

-

Ак (каймак) май

4,00

6,55

10,96

6,76

Пастеризацияланган сүт, литр

0,69

0,69

0,94

0,61

Жумуртка, ондук

0,92

0,80

0,95

0,87

Биринчи сорттогу буудай уну

0,51

0,60

0,59

0,49

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,57

0,35

0,81

0,51

Картошка

0,27

0,22

0,35

0,30

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын сентябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,35 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,22 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин (1 килограмм үчүн 3,81 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,61 АКШ доллары) жана биринчи сорттогу ундун (1 килограмм үчүн 0,49 АКШ доллары)  эң төмөн баалар Минск шаарында байкалды. Ак (каймак) майга (1 килограмм үчүн 4,00 АКШ доллары) жана кой этине (1 килограмм үчүн 4,47 АКШ доллары) минималдуу баалар Бишкек шаарында катталган.

График: 2020-жылдын сентябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

2020-жылдын сентябрында жумурткага орточо чекене баалардын деңгээли Бишкек шаарында Нур-Султан шаарында байкалган баалардан 13,0 пайызга жана Минск шаарында байкалган баалардан 5,4 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга баалар Нур-Султан шаарында байкалган баалардан 38,6 пайызга жана Минск шаарындагы баалардан 10,5 пайызга жогору болду. Муну менен бирге, 2020-жылдын сентябрында уйдун этине орточо баалар Бишкек шаары боюнча Минск шаарындагы баанын деңгээлинен 18,4 пайызга, пастеризацияланган сүт - 11,6 пайызга жана биринчи сорттогу ун - 3,9 пайызга жогору болду.

Таблица: 2020-жылдын сентябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

109,2

117,6

81,6

Койдун эти

100

134,7

153,2

-

Ак (каймак) май

100

163,8

274,0

169,0

Пастеризацияланган сүт, литр

100

100,0

136,2

88,4

Жумуртка, ондук

100

87,0

103,3

94,6

Биринчи сорттогу буудай уну

100

117,6

115,7

96,1

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

61,4

142,1

89,5

Картошка

100

81,5

129,6

111,1

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

282,5

689,9

1 348,6

707,1

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

59,4

132,2

226,2

177,3

Койдун эти

62,2

112,0

181,2

-

Ак (каймак) май

69,5

103,0

113,3

100,1

Пастеризацияланган сүт, литр

402,3

975,8

1 321,0

1 103,9

Жумуртка, ондук

302,0

840,1

1 303,8

774,7

Биринчи сорттогу буудай уну

544,9

1 132,1

2 092,9

1 390,7

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

486,8

1 919,3

1 528,6

1 338,0

Картошка

1 033,3

3 083,2

3 506,9

2 264,4

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж августундагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. июлундагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 3-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым  борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2020-жылдын сентябрында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 59 килограмм уй этин сатып алса болот, ал эми Москвада - 3,8 эсеге көп (226 килограмм). Нур-Султан шаарында бир эмгек акыга миң килограммдан ашык, ал эми Бишкек шаарында - 545 килограмм биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

 

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.11.2020, 11:53