2020-жылдын декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлорунда социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене баалары

Басылмалардын датасы: 29.01.2021


Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын декабрындагы ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

5,36

5,22

6,00

4,03

Койдун эти

4,80

6,06

7,39

-

Ак (каймак) май

3,79

6,94

11,93

6,92

Пастеризацияланган сүт, литр

0,67

0,71

1,01

0,63

Жумуртка, ондук

1,06

0,94

1,10

0,99

Биринчи сорттогу буудай уну

0,48

0,62

0,66

0,50

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,55

0,38

0,92

0,52

Картошка

0,36

0,26

0,41

0,39

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын декабрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,41 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,26 АКШ доллары) – Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 4,03 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,63 АКШ доллары) - Минск шаарында, биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,48 АКШ доллары), ак (каймак) майга (1 килограмм үчүн 3,79 АКШ доллары) жана кой этине (1 килограмм үчүн 4,80 АКШ доллары) - Бишкек шаарында байкалды.

График: 2020-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары)

2020-жылдын декабрында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Минск шаарынан - 6,0 пайызга, уй этине Нур-Султан шаарында - 2,6 пайызга, Минск шаарында - 24,8 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында - 30,9 пайызга, Минск шаарында - 5,5 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү .Муну менен бирге, 2020-жылдын декабрында Бишкек шаарында жумурткага  болгон орточо керектөө баалар  Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 11,3 пайызга, Минск шаарынан 6,6 пайызга  ашты.

Таблица: 2020-жылдын декабрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

97,4

111,9

75,2

Койдун эти

100

126,3

154,0

-

Ак (каймак) май

100

183,1

314,8

182,6

Пастеризацияланган сүт, литр

100

106,0

150,7

94,0

Жумуртка, ондук

100

88,7

103,8

93,4

Биринчи сорттогу буудай уну

100

129,2

137,5

104,2

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

69,1

167,3

94,5

Картошка

100

72,2

113,9

108,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

265,5

824,9

1 185,7

712,7

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

50,1

159,2

212,2

178,4

Койдун эти

55,8

137,2

172,3

-

Ак (каймак) май

70,8

119,7

106,7

103,9

Пастеризацияланган сүт, литр

400,7

1 173,3

1 261,9

1 135,4

Жумуртка, ондук

252,0

883,0

1 160,2

724,1

Биринчи сорттогу буудай уну

563,3

1 344,8

1 917,7

1 448,3

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

486,7

2 199,1

1 378,0

1 393,4

Картошка

743,4

3 237,5

3 127,2

1 839,3

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2020-ж ноябрындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. октябрындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 4-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2019-жылдын декабрында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 743 килограмм картошка сатып алса болот, ал эми Москвада – 3,2 тонна келет. Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 1,4 тонна, ал эми Бишкек шаарында - 563 килограмм биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)
 


Акыркы жаңылоо: 29.01.2021, 17:51