2020-жылдын октябрында ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлорунда социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене баалары

Басылмалардын датасы: 23.11.2020


Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын октябрындагы ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын октябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,96

5,08

5,55

3,86

Койдун эти

4,74

5,98

6,87

-

Ак (каймак) май

3,93

6,50

10,95

6,96

Пастеризацияланган сүт, литр

0,68

0,69

0,94

0,60

Жумуртка, ондук

0,93

0,86

0,97

0,90

Биринчи сорттогу буудай уну

0,50

0,59

0,60

0,48

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,57

0,36

0,83

0,51

Картошка

0,29

0,26

0,33

0,32

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын октябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,33 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,26 АКШ доллары) - Нур-Султан шаарында белгиленген. Ушул эле мезгилде уй этинин э¾ т¼м¼н баасы (1 килограмм үчүн 3,86 АКШ доллары), биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,48 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,60 АКШ доллары)- Минск шаарында байкалды. Ак (каймак) майга (1 килограмм үчүн 3,93 АКШ доллары) жана кой этине (1 килограмм үчүн 4,74 АКШ доллары) минималдуу баалар Бишкек шаарында катталган.

График: 2020-жылдын октябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

2020-жылдын октябрында жумурткага болгон орточо чекене баа Бишкек шаарында Нур-Султан шаарына караганда 7,5 пайызга жана Минск шаарында байкалган баалардан 3,2 пайызга  жогору экени аныкталган. Ал эми Бишкекте уй этине болгон баалар  Минск шаарынан 22,2 пайызга жогору болду. Муну менен бирге. 2020-жылдын октябрында Бишкек шаарында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга орточо баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 36,8 пайызга, Минск шаарынан - 10,5 пайызга ашты.

Таблица: 2020-жылдын октябрында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

102,4

111,5

77,8

Койдун эти

100

126,2

144,3

-

Ак (каймак) май

100

165,4

277,4

177,1

Пастеризацияланган сүт, литр

100

101,5

138,2

88,2

Жумуртка, ондук

100

92,5

103,2

96,8

Биринчи сорттогу буудай уну

100

118,0

120,0

96,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

63,2

143,9

89,5

Картошка

100

89,7

113,8

110,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

280,4

674,8

1 209,9

681,6

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

55,6

132,0

205,0

178,8

Койдун эти

58,1

112,0

165,8

-

Ак (каймак) май

70,1

103,0

104,0

99,0

Пастеризацияланган сүт, литр

405,7

972,6

1 211,8

1 156,4

Жумуртка, ондук

296,7

783,3

1 177,2

767,6

Биринчи сорттогу буудай уну

550,2

1 132,1

1 894,0

1 447,8

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

483,6

1 857,8

1 377,6

1 349,1

Картошка

960,9

2 587,7

3 421,9

2 171,7

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж сентябрындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. августундагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 3-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым  борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай, 2020-жылдын октябрында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча көрсөткүчтөр башка борбор-калаалардын деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 56 килограмм уй этин сатып алса болот, ал эми Москвада - 3,7 эсе көп (205 килограмм). Нур-Султан шаарында бир  эмгек акыга миң килограммдан ашык, ал эми Бишкек шаарында - 550 килограмм биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

 

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.11.2020, 14:43