Жыл башынан бери камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин өсүү тенденциясы сакталууда

Басылмалардын датасы: 18.11.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өстү жана 1,8 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 81,5%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 268 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 11 млн. сомго көп.
2022-жылдын 1-октябрына карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 190 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Муну менен бирге түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 85%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди, ал эми түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 64%ы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.
Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2022-жылдын 1-октябрына карата өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 1 070 млрд. сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүүсү ыктыярдуу жоопкерчиликти камсыздандыруу жана жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.
2022-жылдын январь-сентябрында 1,5 млрд. сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда 1,4 эсеге көп.
Жыл башынан бери 5,7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 56%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга (127,6 млн. сом) жана жеке медициналык камсыздандырууга (43,7 млн. сом) туура келди.

 

Финансы статистикасы бөлүмү          |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;              |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 18.11.2022, 15:02