А.Ш. Султанов Европалык статистиктердин конференциясына катышып жатат

Басылмалардын датасы: 26.06.2019


Ушул күндөрү, 2019-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Шакирович Султанов, Франциянын Париж шаарында, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү Уюму (ЭКӨУ)  менен биргеликте уюштуруп жаткан, Европалык статистиктердин конференциясынын алтымыш жетинчи пленардык сессиясынын ишине катышып жатат.

Конференцияда талкуулоо жана кабыл алуу үчүн кооптуу абалдарды жана кырсыктарды өлчөө,  калдыктар боюнча статистиканы жүргүзүү, композиттик жана психологиялык индикаторлорду ишке киргизүү, билим берүү жана кесиптик даярдык боюнча сателлиттик эсептерди иштеп чыгуу, мекемелердеги кары-картаңдарды эсепке алуу, маалыматтык өз ара иш-аракеттердин стратегиялык процесстерин пландоо маселелерине байланышкан сунуштар жана жетектөөчү принциптер каралат. 

Иш-чаранын жүрүшүндө – статистика кызматтары катары улуттук статистика башкармалыктарынын жаңы ролу, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана колдонулушу боюнча – маалыматтардын жаңы булактары темасында атайын эки семинар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, конференцияда расмий статистикада спутниктин сүрөттөрүн жана жердин байкоолорунун маалыматтарын колдонуу, шаарлар тууралуу статистиканы жүргүзүү жана маалыматтарды топтоо, маалыматтардын жаңы экосистемасындагы улуттук статистика системаларынын ишмердигин,   сателлиттик эсептердин ар кандай түрлөрүн колдонуу, гендерлик таандыктыгын өлчөө бөлүгүндө көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди табуу боюнча ЕСК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжаларын кароо болжолдонууда. Ошондой эле, ушул иш-чаранын алкагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү статистикасы боюнча өлкөлөр тарабынан ЕСК жол картасын жүргүзүүнүн жүрүшү тууралуу маселеси да өзүнчө блокто каралат.    


Акыркы жаңылоо: 26.06.2019, 19:29