Цифралар жана фактылар: Канча кыргызстандык кедейчиликтин чегинде жана анын сыртында жашайт

Басылмалардын датасы: 04.04.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2017-жылы кыргызстандыктардын 25,6 пайызы же 1,6 миллиону кедей жашаган калк болуп саналган, анын ичинен 41 миңи кедейчилик чегинде жашаган. Кедейлердин көпчүлүгү (72 пайызы) айыл жергесинин тургундары.

Республикада кедейлердин катарына керектөөгө багытталган кирешелери жылына жан башына 32 миң 93 сомдон же айына 2 миң 674 сомдон ашпаган жарандар киргизилген.  Эң кедейлер - кирешелери жылына 17 мин 471 сомдон же айына 1 миң 455 сомдон төмөн жарандар.

Кыргызстан 1990-жылдардын ортосунда кедейчиликти төмөндөтүү боюнча милдеттемелерди алган. Бул багытта ага улуттар аралык уюмдар жардам берип келүүдө. Улутстаткомдун маалыматтарына ылайык, 2018-жылы мамлекеттик жөлөкпул алуучулар 379 миңге жакын адам болгон, анын ичинен 96 пайыздан ашыгы 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөргө) айлык жөлөкпулду алышкан.   

Ошону менен бирге калктын кедейчилик чегинин чектик концентрациясы жөнүндө да айта кетүү зарыл. Эсептөөлөр жакырчылык чегинин 5 пайызга гана өсүшүндө (айына калктын жан башына 134 сом), кедейчилик деңгээлинин 4,9 пайызга өсүшүн көрсөтүүдө, бул 309,3 миң адамды түзөт.

2017-жылы кедейлер катарына киргизилген 1,6 миллион кыргызстандыктардын катарында 8,8 пайызы же 550 миң адам кедейчилик коркунучу бар аймакта жашаган. (Кедейчиликтин денгээлине плюс/минус 5%). 

______________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана чөйрө статистикасы башкармалыгынын

үй чарба статистикасы бөлүмү |e-mail:  gsamohleb@stat.kg;       |тел. + |тел. + 996 (312)  324655, 664164

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 04.04.2019, 16:06