2019-жылдын I кварталына салыштырмалуу курулуштун темпи каржылоонун ички булактарынын, ошондой эле тышкы булактарынын эсебинен да төмөндөгөнү белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.04.2020


     Дүң курулуш продукциясынын жалпы көлөмү  2020-жылдын январь-мартында 17 863,2 млн. сомду же 2019-жылдын январь-мартындагы деңгээлине карата  97,4 пайызды түздү.  
     Негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүүнүн деңгээли 2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 93,7 пайызды (салыштыруу бааларында), же 17 941,9 млн. сомду түздү.
  2019-жылдын январь-мартына салыштырмалуу ички булактардын эсебинен каржылана турган, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 0,5 пайызга, ал эми тышкы булактардын эсебинен - 24,6 пайызга  төмөндөдү.
   Өткөн мезгил ичинде негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү, Талас облусунан башка, бардык региондордо кыскарды.

Январь-мартта аймактар боюнча негизги капиталга инвестициялар

 

Млн. сом

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыздар менен

2019

2020

2019

2020

Кыргыз Республикасы

18 929,3

17 941,9

101,2

93,7

 Баткен облусу

220,7

192,9

55,1

86,4

 Жалал-Абад облусу

2 437,6

1 755,3

100,6

71,2

 Ысык-Көл облусу

5 937,2

5 236,9

101,1

87,2

 Нарын облусу

371,8

281,6

112,8

74,9

 Ош облусу

700,8

555,2

44,8

78,4

 Талас облусу

757,1

1 863,5

173,4

243,4

 Чүй облусу

2 061,7

1 718,8

102,0

82,4

 Бишкек ш.

5 910,7

5 814,9

115,0

97,3

 Ош ш.

531,7

522,8

101,6

97,2

 

       Өткөн мезгил ичинде турак үйлөрдү ишке киргизүү жеке курулушчулардын каржаттарынын эсебинен гана жүргүзүлгөн.
    Үстүбүздөгү жылдын I кварталында жалпы көлөмү 207,9 миң метр квадратты түзгөн 1,8 миң жеке турак үйлөр ишке киргизилди, бул 2019-жылдын I кварталына караганда 3,9 пайызга көп.  
      Жеке турак үйлөрдү ишке киргизүүлөр Ысык-Көл, Нарын жана  Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында көбөйдү.
Ишке киргизилген жеке турак үйлөрдүн негизги үлүшү Ысык-Көл, Чүй,  Жалал-Абад жана  Ош облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

Январь-мартта аймактар боюнча жеке турак үйлөрдүн ишке киргизилиши

 

Жалпы аянты миң м кв. 

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыздар менен

2019

2020

2019

2020

Кыргыз Республикасы

200,1

207,9

101,2

103,9

 Баткен облусу

10,5

9,9

102,9

94,4

 Жалал-Абад облусу

41,2

38,5

117,9

93,5

 Ысык-Көл облусу

13,5

28,2

69,7

208,8

 Нарын облусу

9,5

11,5

87,6

120,3

 Ош облусу

41,7

34,9

103,7

83,8

 Талас облусу

16,0

12,4

111,9

77,8

 Чүй облусу

35,5

37,3

105,3

105,1

 Бишкек ш.

22,0

27,4

78,6

124,4

 Ош ш.

10,2

7,8

166,2

76,2

      Өткөн мезгил ичинде бир кезметте (смена) 15 келүүчүнү кабыл алуучу эки амбулатордук-бейтапкана мекемеси, ошондой эле 100 орундуу мектепке чейинки бир мекеме ишке киргизилди.  

 

_________________________________________________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |                e-mail:birukova@stat.kg; |                   тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.04.2020, 16:16