Экономикалык өсүү темпинин акырындашы сакталууда. Ү.ж. 11 айы үчүн ИДПнын өсүшү 4,9% түздү

Басылмалардын датасы: 11.12.2019


Ички дүң продукт 2019-жылдын январь-ноябрында алдын ала баалоо боюнча 513 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018--жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйдү.  

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-ноябрында ИДПнын көлөмү  459 миллиардга жакын сом өлчөмүндө түзүлдү жана 3,5 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Өнөр жай продукциясы 250 миллиардга жакын сомду түздү жана 2018-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,6 пайызга көбөйдү, бул металл рудаларын казуунун (29,4 пайызга),  текстиль өндүрүшүнүн (19,4 пайызга), негизги металл өндүрүшүнүн (18,9 пайызга), кийимдин       (18,0 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газы (13,1 пайызга), көмүр (7,1 пайызга), металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүнүн (6,7 пайызга), ошондой эле тамак-аш продуктулардын өндүрүшүнүн (4,0 пайызга) өсүшүнүн эсебинен болду.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,9 пайызды түздү, дүң жана чекене соода - 4,7 пайызга, курулуш  - 9,8 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,1 пайызга өстү, бул тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардын, тамекинин баалары, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтердин өсүшү менен шартталды.   

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын (5,4 пайызга)  максималдуу өсүшү Баткен облусунда катталды, бул негизинен, башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга  (9,1 пайызга), ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга (2,3 пайызга) алардын олуттуу жогорулашы менен шартталды.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып республиканын бардык региондорунда алкоголдук ичимдикерге жана тамекиге баалардын өсүшү белгиленди, ушул эле учурда алардын олуттуу (4,6 пайызга) өсүшү Ысык-Көл облусунда байкалды. Кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтердин максималдуу өсүшү (3,5 пайызга) Нарын облусунда байкалды.    

Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жүгүртүүсү, алдын ала маалыматтар боюнча,   2019-жылдын январь-октябрында 5,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 2,1 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 14,1 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 7,2 пайызга кыскарды. 

2019-жылдын январь-октябрында  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  2 185,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь- октябрына салыштырмалуу 3,8 пайызга азайды.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн 2,5 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөр 4,1 пайызга кыскарганы белгиленди.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6 пайызы) жана Казакстанга (36,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы
 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн республиканын калкынын тамак-ашы тууралуу маалымат берилди.

Презентациялар:

 


Акыркы жаңылоо: 11.12.2019, 11:23