2018-жылы Кыргыз Республикасынын калк жашаган пункттарын жакшыртуунун абалы

Басылмалардын датасы: 25.10.2019


2019-жылдын 1-январына карата абалы боюнча республиканын туруктуу жашаган калкынын саны 6,4 млн. адамды түздү. Ушул эле учурда, калктын үчтөн бири (34 пайызы) 31 шаарда жана 9 шаарчаларда жашашат. Калктын үчтөн эки бөлүгү (66 пайызы) айыл жергесинде – 1905 айылды камтыган 453 айыл аймактарында (жергиликтүү коомчулуктарда) жашашат.

2018-жылдын аягына карата абалы боюнча турак жай фондунун жалпы аянты 83,5 млн чарчы метрди түздү, бул 2014-жылга салыштырганда - 13 пайызга, ал эми  2017-жылга салыштырганда - 1,3 пайызга көбөйгөн. Ушул эле учурда, 2018-жылы 2017-жылга салыштырганда айыл турак жай фондунун үлүшү - 1,1 пайызга, ал эми шаардын үлүшү - 1,8 пайызга көбөйгөн.

Турак жай фондунун түзүмүндө жеке сектордун үлушү басымдуулук кылат, анда турак жай фондунун жалпы аянтынын 99 пайызга жакыны жарандардын менчигинде турат.   (1-таблица).

1-таблица. Турак жай фондунун түзүмү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

 

Бардыгы

Шаарчалар

Айыл жергеси

 

2014

2018

2014

2018

2014

2018

 

 

 

 

 

 

 

Турак жай фонду - бардыгы

100

100

100

100

100

100

анын ичинде:

 

 

 

 

 

 

 

мамлекеттик турак жай фонду

1,6

1,8

3,3

2,8

0,6

1,2

жалпы турак жай фонду

0,2

0,0

0,1

0,1

0,1

0,0

турак жай-курулуш кооперативдер фонду

0,0

0,0

0,0

-

0,0

0,0

жеке турак жай фонду

98,2

98,2

96,6

97,1

99,3

98,8

Жалпы республика боюнча бир адамга деп эсептегенде турак жай менен камсыздалуу 2014-жылы - 12,5 чарчы метрден 2018-жылы - 13,1 чарчы метрге чейин  көбөйгөн. Ушул эле учурда, ушул мезгилдин ичинде шаар жергесинде ал 14,6 чарчы метрден 14,1 чарчы метрге чейин азайган болсо, айыл жергесинде, тескерисинче, 11,5 чарчы метрден 12,5 чарчы метрге чейин көбөйгөн.

Беш жылдын ичинде турак жай фондун жакшыртуунун айрым түрлөрү менен камсыздалуунун төмөндөгөнү белгиленди. 2018-жылы 2014-жылга салыштырганда суу түтүктөрү менен - 1,8 пайызга, канализация - 2,5 пайызга, ысык суу менен - 0,9 пайызга, борбордук жылытуу - 0,4 пайызга, газ - 1,4 пайызга, ал эми ванна (душ) - 2,9 пайызга азайды.

Шаарчаларда жана айыл жергесинде турак жай фондун жакшыртуунун негизги түрлөрү менен камсыздалууну карап чыгуу учурунда көрсөткүчтөрдөгү олуттуу айырманы белгилөөгө болот (2-таблица).

2-таблица. Шаарчаларда жана айыл жергесинде турак жай фондун жакшыртуу
                   
(пайыз менен)

 

2014

2015

2016

2017

2018

Суу түтүктөрү

37,7

36,1

36,4

36,9

36,0

 шаарчаларда

74,2

70,7

71,6

72,4

68,6

 айыл жергесинде

15,1

14,7

14,3

15,1

15,6

Газ

26,1

25,0

25,1

25,7

24,7

 шаарчаларда

44,2

44,6

44,9

44,9

42,5

 айыл жергесинде

14,8

12,9

12,9

13,8

13,6

Канализация

28,3

26,4

26,7

27,1

25,8

 шаарчаларда

62,9

58,3

59,1

60,0

56,5

 айыл жергесинде

6,9

6,8

6,8

6,9

6,7

Ысык суу менен

5,3

4,7

4,7

4,3

4,4

 шаарчаларда

11,5

10,0

10,1

9,0

9,0

 айыл жергесинде

1,4

1,4

1,4

1,4

1,5

Борбордук жылытуу

14,0

13,6

14,0

14,7

13,6

 шаарчаларда

31,3

30,6

31,5

33,4

30,4

 айыл жергесинде

3,2

3,1

3,2

3,1

3,1

Ванна (душ)

17,9

16,7

16,6

16,3

15,0

 шаарчаларда

40,9

38,1

37,9

36,9

33,4

 айыл жергесинде

3,6

3,6

3,6

3,6

3,5

Үй чарбаларын бирдиктүү тандалма изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, негизинен, шаар калкы (62,3 пайыз) борборлоштурулган сууну, айылдардын калкы (67,8 пайыз) - суу колонкаларын колдонушат (3-таблица).

3аблица. 2018-жылы жашаган жерине жараша үй чарбаларын суу менен камсыздоонун булактары1
                   (пайыз менен)

                                

Борборлоштурулган суу түтүгү

Суу чыгуучу колонка

Кудук

        Булак               Арык

Бардыгы

30,6

56,0

5,2

                  2,2                     6,0

 шаарчаларда

62,3

34,4

2,6

                  0,1                     0,6

 айыл жергесинде

13,3

67,8

6,7

                  3,3                     9,0

  1 Үй чарбаларын бирдиктүү тандалма изилдөөнүн маалыматтары боюнча.

2018-жылы бардык көчөлөрдүн, өтмөктөрдүн, суу боюндагы көчөлөрдүн жалпы узундугу 35,2 миң километрди,  алардын ичинен алардын төшөлгөн бөлүктөрүнүн узундугу - 19,1 миң километрди жана жабуусу жакшыртылган бөлүктөрүнүн узундугу - 5,8 миң километрди түздү. (4-таблица).

 Калктуу конуштардын чегинде жашылдандырылган жерлер жана массивдердин жалпы аянты - 10,4 миң гектарды, ал эми 1000 адамга деп эсептегенде - 1,6 гектарды түзгөн. Жашылдандырылган жерлердин негизги үлүшү - 46,8 пайызы, же 4,9 миң гектары Бишкек шаарына, ал эми эң аз үлүшү – Баткен облусуна (0,1 миң гектар) туура келет.

Калдык-таштандылардан арылуунун ыкмалары коммуналдык чарба тарабынан түз көрсөтүлө турган кызматтарга жетүүгө жараша болот. Шаар жериндеги үй чарбалардын эң чоң үлүшү (81,1 пайызы) контейнерлерди колдонуу аркылуу жана таштандылардын үймөгүнө таштоо аркылуу (14,5 пайызы) алардан арылышкан. Айыл жергесинде үй чарбаларынын 41 пайызы таштандыларды өрттөө менен ал эми 24 пайызы таштандыны анын үймөгүнө таштоо аркылуу арылышкан.

2018-жылы 1047 миң тоннадан ашык тиричилик таштандылары чыгарылган, бул 2014-жылга караганда 5,3 пайызга жана 2017-жылга караганда 6,8 пайызга көп. Чыгарылган таштандылардын жалпы көлөмүнүнүн ичинен 45 пайыздан ашыгы үй чарба калдыктары, 16,5 пайызы - көчөдөгү таштандылар, анын ичинде санкциясыз чогулган таштандылар жана парктардан чыккан таштандылар жана  20,4 пайызы - ишканалардын жана мекемелердин таштандылары түздү.  

___________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail:nazira.kerimalieva@gmail.com;

|тел. + 996 (312) 324691

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.10.2019, 15:11