Жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 07.11.2022


2022-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына - 98 жыл толду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген.1927-жылы гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталып калган. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.
Республиканын дагы бир эски басылмасы – 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн, андан кийин  «Крестьянский путь » деп аталат, 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.
Бул газиттер түзүлгөн алгачкы күндөрдөн тартып эле республикада ондогон жылдырдын ичинде болуп жаткан процесстерди чагылдырган коллективдүү агитатор, жалындуу пропагандист жана массанын уюштуруучусу болуп калышты. Алар сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөшүүгө, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, улуттук адабиятты жана журналистиканы өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошушту. Гезиттерде республиканын белгилүү илимпоздорунун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин макалалары жарыяланган.
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер болгон, акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 12 пайызга көбөйгөн. Алардын катарында «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек», «Кут-билим”, «Супер Инфо»,  «Автогид» жана башка гезиттер бар.
177 көзкарандысыз телерадиокомпаниялар, «Жаңы Телекөрсөтүү Тармагы» («НТС»), «Көзкарандысыз Бишкек Телекөрсөтүүсү» (“НБТ»), «Пирамида» радиотехникалык борбору, «Европа» радиокомпаниясы жана башкалар иш-чараларды жүргүзүшкөн. Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган, ал мезгилде республикада улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген.
1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган. 1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмаканасы негизделген. Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан. 30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган. 60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим», «Адабият» басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн.
2021-жылы жалпы тиражы 800 миң.  нуска менен 685 аталыштагы китептер басылып чыкты, алардын болжол менен (54%) кыргыз тилинде басылып чыккан. Мындын тышкары, 2021-жылы 29 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 72 миң нуска менен басып чыгарылган.

________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 04.11.2022, 17:27