Медицина кызматкеринин күнүнө карата статистикалык обзор

Басылмалардын датасы: 05.07.2019


Жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкеринин күнүн белгилешет.   Республикада ушул кесиптин өкүлдөрү куттуктоолорду үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда кабыл алышат.  

2018-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 187 оорукана уюмдары, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 46 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана башка уюмдардын курамына кирген 139 бөлүм элге медициналык жардам көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында 29 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иштеп турду.

2018-жылы элди ооруканага жаткыруу аркылуу 187 оорукана уюмдары  медициналык дарылоо жардамын көрсөтүштү, алардын ичинен 135 - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында, 44 -медициналык санитардык бөлүгүндө, ошондой эле 5 - мейманканалар жана ооруканалар бөлүгүндө иш жүргүзүшөт.

2018-жылы биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү оорукана уюмдарынын саны

 

 

Оорукана уюмдары

Биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар

Кыргыз Республикасы

187

146

Баткен облусу

17

11

Жалал-Абад облусу

36

20

Ысык-Көл облусу

12

21

Нарын облусу

8

9

Ош облусу

26

11

Талас облусу

8

7

Чүй облусу

29

21

Бишкек ш.

22

44

Ош ш.

8

2

Республикалык мекемелер

21

-

2018-жылы 14,1 миң врач дарыгерр жана 35,6 миң орто медициналык персонал медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышты. Республиканын элинин 10 миңине деп алганда 22 врач дарыгер жана 56 орто медициналык персонал туура келди.  

Медициналык кызматкерлердин саны 
(жылдын аягына карата; миң адам)

 

2018-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (3,9 миң адам) жана хирургиялык (2,3 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,1 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (800 ашык адам) саналды. 


Акыркы жаңылоо: 05.07.2019, 13:14