Өлкө эл каттоого даярданууда: Эл каттоо мамлекетке эмнени берет?

Басылмалардын датасы: 25.01.2022


Маалым болгондой, 25-марттан 3-апрелге чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү  жана  өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.

Каттоолорго негиз катары өзүн аныктоо принциби камтылган, б.а. зарыл маалыматтар тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин ооз эки айткан сөздөрүнөн алынат. Каттоонун жүрүшүндө сурамжылануучу жарандыгынын же каттоосунун бар-жогуна, жашаган жерине же белгилүү жашаган жерине карабастан, бардык калк эсепке алынат.

Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Башкача айтканда, эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү коомдун көз ирмемдеги портрети болот жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Келгиле, биздин келечекти түзүүдө мамлекетке жардам берели!


Акыркы жаңылоо: 25.01.2022, 10:19