2019-жылда ички дүӊ продуктунун түзүмү

Басылмалардын датасы: 17.01.2020


Ички дүң продукт (ИДП) 2019-жылдын январь-декабрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 4,5 пайызга көбөйүү менен 590 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-декабрынын деңгээлинен 3,8 пайызга ашуу менен 543 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш чөйрөсү, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу  товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи 106,4 пайызды (2018-жылдын январь-декабрында – 104,9 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,9 пайызды (2018-жылдын январь - декабрында – 102,8 пайыз) түздү. 

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (46,9 процента) туура келди, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга көбөйдү, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 0,5 пайыздык пунктка көбөйдү жана 39,7 пайызды түздү. Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук тармагынын үлүшү 12,1 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка жогору, курулуш – 9,7 пайызга жана 0,7 пайыздык пунктка жогору болду, ошол эле учурда өндүрүштүн үлүшү 17,9 пайызды түзүп 0,6 пайыздык пунктка азайды.

2019-жылдын январь-декабрында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2018

2019

ИДП

590 042,4

104,5

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

234 224,3

106,4

39,2

39,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

71 335,2

102,6

11,7

12,1

Өнөр жай

105 409,8

106,9

18,5

17,9

Пайдалуу кендерди казуу

6 170,3

118,4

1,0

1,0

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

84 360,4

108,3

14,3

14,3

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо  (жабдуу)

13 253,0

96,6

2,8

2,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 626,1

97,2

0,4

0,3

Курулуш

57 479,3

110,6

9,0

9,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

276 797,7

102,9

46,6

46,9

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

107 734,3

104,9

17,9

18,3

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

22 360,4

104,8

3,8

3,8

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

10 063,2

107,0

1,7

1,7

Маалымат жана байланыш

15 203,0

101,2

2,6

2,6

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

121 436,8

100,6

20,6

20,5

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

79 020,4

104,5

14,2

13,4

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.01.2020, 15:32